Бейиш эненин таманында…

 20 жылдан бери кыргыз маданиятынын туусун желбиретип, анын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келаткан кыргыз элинин белгилүү опера жана эстрада ырчысы Айбек Саралев жакында эле “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти”  наамын алганы баарыбызга маалым. Адаш апа бүгүнкү күндө кичүү баласы Айбек менен Бишкек шаарында небере-чөбөрөнүн урмат-сыйына бөлөнүп, бакубат карылыкта жашап жатат. Жаздын алгачкы күнүндө туура 80 жашка толуп, балдары менен бирге жалпы туугандарын да кубанычка бөлөп турат.

Элибиздин сыймыктуу уулу  Айбектин таланты, эмгеги көп айтылып, көп жазылып келатат. Бирок анын атасы, апасы, балалык чагы тууралуу маалыматтар аз. Биз ушундан улам Айбек мырзанын апасы Саралаева Адаш апа менен маектешип, бир топ кызыктуу маалыматтардык алдык.

 Адаш апа, күүлүү-күчтүү, жакшы жүрөсүзбү?

—Жакшы айланайын балам, жакшы жүрөбүз.

—Апа, алгач окурмандарга өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

—Мен 1938-жылы туулгам.  1955-жылы  17 жашымда раматылык абышкам Бозалага турмушка чыккам. Ошол кездеги шартка байланыштуу фамилям кайын атамдын атынан катталып калган. Жаштайыбыздан эле колхоздун ар кандай жумуштарында жаныбыз тынбай эл катары иштедик. Абышкам экөөбүз 55 жыл бирге түтүн булатып, 10 бала төрөдүм. Азыр 7 балам бар. Бейиши болгур абышкам, 2010-жылы 79 жашында каза таап калды. Абышкамдын ашы берилгенден кийин кичүү балам Айбектин колуна Бишкекке келип жашап жатам.

балдары менен…

Балдарыңыз, неберелериңиз  жөнүндө айтсаңыз?

—Улуу балам Талант быйыл 60ка чыкты. Бишкекте турат. Андан кийинки кызым Анара Көлдө турат. Анан Турус деген балам дагы Бишкекте жашайт. Андан кийинки уулум Эрнис  айылда турат. Эрнистен кийин Жылдыз деген кызым Казакстанга турмушка чыгып, ошол жакта жашап жатат, кичүү кызым Кундуз Бишкекте жашайт.  Анан эң кичүүсү ушул ырчы уулум Айбегим. Кудайга шүгүр, баары эле турмуштан орун –очок алышты. Кудай кут кылсын, 19 неберем, 11 чөбөрөм бар. Кудайыма ыраазымын! Балдарыма, небереме ыраазымын. Мына, бул да буйрук экен 80 жаштын астанасын аттадым. Айбек баштаган балдарым чоң той өткөрөбүз деп калышты. Мен: “Кой, айланайын жөн эле коёлу, кереги жок” – десем, болбой жатышат. Кичине кезде балдарың апанын айтканына көнсө, минтип карыганда балдардын айтканына көнүп, ошолордун айтканы менен болуп калат экенбиз. Иши кылып, балдарым, өзгөчө Айбегим катуу чуркап жүрөт. Балам элге уят болбой, тоюбуз жакшы өтүп кетсе болду. Азыр мына ушул жагын ойлоп сарсанаа болуп жатам.

Айбек жөнүндө эмне айтасыз? Бала чагы, таланты тууралуу эл билек элек дагы маалыматтар бар да…

—Айбек кичинекей чагынан эле ырга шыктуу болчу. Мектепте окуп жүргөндө концерттерге, ар кандай иш-чараларга такай катышып жүрдү. Илгери колго көтөрүп ала турган магнитофондор болчу эмес беле, ошону даңкылдатып коюп алып, ар кайсы жакта эле жүрчү ырдап, бийлеп. Керимбек деген шоопурубуз болоор эле, ошонун машинасына түшүп алып ырдай берчү. Сыргабек деген комбайынчыбыз бар эле, анын комбайына түшөм деп кыйначу. Алар: “Апаңа барып вино анан тамеки алып келсең, комбайнга салам”- дешчү экен, тамаша- чыны менен. Аны мага балам айтып келет да, сурап.  Мен бербейм. Ал көк беттенип кечке ыйлачу. Анан дагы бир өнөрү болоор эле, Айбегим Калдаш, Токон деген кошуналарыбызга түндө: “Мага асмандагы Айды алып бергиле”- деп айтып, талап коюп, аларды кыйначу, асманга колун созуп…

Ырчы боло турган балдар көбүнчө кичине кезинде ыйлаак, чыр болот деп коюшчу эле. Ошол чын турбайбы…

Чын эле Айбегим, кичинесинде ыйлаак болчу, тим эле чыр болчу. Сакмалга барганда тынч жүрбөй, азапка салаар эле. Сакмалчыларды да тажатты. Сакмалда Токон дегендин мотоцикли бар эле, ошого түшөм деп эле чырдачу.

Айбектин атасы-Бозала.

Чынын айтканда биз жасабаган колхоздун жумушу калган жок. Апийим тилдик, апийимден тышкары  50-60тен кой төлдөтүп сакмалда жүрдүк. Анан суу да сугарып, эркектер менен кошо чөп чаптык. Машак тердик… Айтор, айтып олтурсак, бир топ эле кыйынчылыктарды көрдүк.

Ал эми Айбектин атасы колхоздо актив болуп, жооптуу кызматтарда узак жылдар бою иштеди.

Зоотехник, бригадир, кампа башчысы, уй ферма ж.б. кызматтарда иштеп биздей кыйналган жок. Ат үстүндө эле жүрдү.

Айбекке ырчылык талант кимден жукту? Ырдагандар  тайларынанбы, же тукумунда бар беле?

—Тайларында деле ырчылык талант жок. Айбектин өз атасы жакшы ырдачу. Үнү коңур,  жакшы эле. Отуруштарда  Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун ырларын көп ырдайт эле. Ырга атасы шыктуу болчу. Менимче, Айбекке ырчылык талант атасынан өттү. Адегенде Айбектин атасы экөөбүз: “Ырдабай эле кой,  андан көрө кенчинин окуусун окуп, биздин жаныбыздагы Кара-Кечеден иштей бер анан ошол жактын чоңу болосуң”- деп айтып калчубуз. Балабыз биздин бул айткандарыбызга болгон деле жок. Ырдай берди. Барган сайын такшалды. Анан атасы деле каршы болбой, “Мейли, ырчы болсо болсун” – деп калдык. Консерватория деп коёсуңарбы, мына ошол жактан билим алды. Анан эле опера театрында ырдап иштеп жатканына 15 жылдан ашты го. Башка мамлекеттерге барып, кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келип жатты. Ал башка мамлекеттерге барган сайын мага белек-бечкегин ала келет. Бул жактан да толгон-токой белек берип жатышат. Иши кылып, баарына ыраазымын! Бир нерсе айта кетейин балам,

Генерал Шаяхметов. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку башчысы

Айбегим бу казак жергесине да барып ырдап жүрбөйбү. Мына ошол жакта  Адиль Шаяхметов (ред: генерал – майор Шаяхметов Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку жетекчиси)  деген генерал менен тууган болуп, мамиле түзүп алган экен, аны да тойго чакырыптыр. Көрсө, ал генерал кыргызга жээн болот турайбы. Баламдын кыргыз-казак элиндеги ушундай залкар адамдар мене жакшы мамиледе болуп, зоболосуна көтөрүлүп жатканына биз кубанып жатабыз.

Уулуңуз жакында эле Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын албадыбы? Сиз бул наамды алганда кандай сезимде болдуңуз?

—Ооба, айланайын. Кубанганымдан көзүмдөн жаш тегеренди. Өкмөткө да ырахмат, баламдын аздыр-көптүр ак эмгегин баалап өз убагында ушундай чоң наам бергенине. Төбөбүз көккө жетип калды. Кудай кут кылсын! Аман-эсен жүрүп, элине дагы да аруу эмгек өтөп, мындан да чоң наам-сыйлыктарга жете берсин. Эне байкуштун тилегени балдардын жакшылыгы да.

—Балаңыздын кулк- мүнөзүнө энеси катары кандай баа бересиз?

—Айбек балам өзү башынан күйүмдүү. Тууганчыл. Өзү да, колу ачык. Берешен. Жокту көп айтпайт. Үй-бүлөсүн жакшы карайт. Үч балалуу болду.

Мына биздин Баш-Кууганды айылынан айтылуу залкар инсандар Кыргыз Эл артисти Мыскал Өмүрканова, жазуучу Шатман Садыбакасов дегендер чыгып, элге кызмат кылышып, тарыхта өз ысымдарын өлбөс-өчпөс кылып жазып кетишти. Мыскал эжени биз деле эже деп, концерт коюп келгенде жанталашып көрүп, укмуш суктанчу элек. Эми үнү укмуш эмес беле, андай таланттын табылышы да кыйын. Балам ошолордун жолун жолдоп, талантын ташкындатып, элине ак кызматын кыла берсе дейм. Азыр эми жашоо жакшы. Барган сайын оңолуп жатат. Биз көргөн кыйынчылыктарды эч ким көрбөсүн. Чынында азыр баары белен. Үйгө бардык шартты түзүп алып жатышат. Ошондон улам кыз-келиндер да биз сыяктуу иштебей жалкоонун жалкоосу  болушту. Бул жагы бар. Кыздарыма, келиндериме деле айтып жатам. Кудайга ыразымын! Балдар аман болсун. Акырындай айтарым, ылайым элибизде тынччылык, токчулук, молчулук болсун! Мамлекетибиз өсүп- өнө берсин! Жамандык көрбөгүлө, ден-соолугуңар чың болуп, ойлогон  максатыңарга жеткиле.

Баарлашкан: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here