Береги тасманы көрүп, сезимдериң бир эсе серпилип, муундарың бошой түшөт экен. Бул тасмадагы эне, бала Кыргызстандын кайсы аймагында экени азырынча бизге белгисиз. Бирок бул тасма учурда соцсеттерде тарап, адамдын жүрөктөрүн козгоп, колдоо таап жатат. Тасмада көрүнүп тургандай жигит энесинин бутун жууп, таманынан жыттап, ыйлап жибергенин көрөт. анан да апасына: «Ажыга алып бара албай жатам»- деп өкүнүч кылган. Андан соң, апасынын бутун аарчып берип, апасынын бутун жууган сууга бетин жууп, ал суудан ичкен… Бизде мындай көрүнүштөр жокко эсе экенин билип эле жүрөбүз. Ал эми бул жигитке сөз жок…

Кыскасы, бул жигит «Бейиш эненин таманында…» — деген сөздү терең түшүнгөн, энени өтө терең сыйлаган жигиттердин бири экен. Бирок суудан ичкени ашыкча го…

Ылайым, бар болсун, энелер, энелердин бар байлыгы балдар…

Бейиш эненин таманында

Опубликовано Зариной Окенбаевой 1 марта 2018 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here