АКШда куралдарды аткезчилик жол менен Чеченстанга салууга шектелип кармалган 2 жигиттин бирөөсү Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экендиги маалым болду. Кармалгандардын бири  Эльдар Резванов Казакстандын жараны болуп эсептелет. Экинчиси Тенгиз Сыдыков. Замира айым бул  маселе боюнча “Турмушка”: «Балам качандыр бир кезде аны менен бир батирде турган. Бул иш ошол жигитке тиешелүү окшойт. Балам азыр башка жакта жашайт. Ал Резвановдун кармалганын билгенден кийин аны колдоо же кармалуунун себебин билүү үчүн полициянын мекемесине барыптыр. Жагдай териштирилгенге чейин деп аны дагы кармашыптыр. Бул 72 саатка формалдуу эле кармоо. Сот кармалгандарга карата айыпты кабыл алуу же кабыл албоо боюнча чечимди эртең кабыл алат. Чындыгында азырынча айыптоочу корутунду жок. Менен баламдын буга катыштыгы жок. Ал жөн гана ошол бала менен батирде чогуу жашаган», — деп билдирген. Албетте эне деген эне. Ким эле баласын жамандыкка кыйгысы келсин. Бул маселе алдыда дагы да такталышы толук мүмкүн. Белгилей кетсек, Сыдыкова Бакиевдин тушунда, тагырагы 2005-2010-жылдары АКШда элчи болуп турган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here