—Сизден мурун бул фондду жетектеген Жоомарт Жумабеков миңдеген тонна унду куртаттып,  элге, мамлекеттик мекемелерге сатып жатканын Багыт гезити 2016-жылдын сентябрь айында биринчилерден болуп жазып чыккандан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары да кийлигишип, Өкмөт акыры Жумабековдун кызматтан алды эле. Бирок кылмыш козгогон жок. Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

—Курттаган ун боюнча  сиздер убагында көп жазган экенсиздер.  Мен келгенде курттаган ундан 4 тоннадай калыптыр,  биз аны жемге берип кутулдук. Биз андай курттап кеткен унду сатыкка чыгара албайт элек. Сатыкка чыгаруу такыр туура эмес болуп калмак.  Ал ун фонддун атайын эсебиндеги акчага алынып келинген. Кымбат сатылгандыктан пайда түшпөсө да ордун жапты десек болот.

—Эгер курттатпай толук сатканда, пайда түшмөк да…

—Ооба, пайда түшмөк.

—Курттаган ун маселесинен тышкары, биз Жумабековдун жер семирткич сатып алуудагы коррупциясын де кенен жазганбыз.  1,5 жылдан кийин, тагыраагы ошол курттаган ун боюнча кылмыш козголбосо да, жакында ошол жер семирткич  боюнча кылмыш козголду. Мына ушул боюнча айтып берсеңиз?

—Бул боюнча да бизден материалдарды сурап, алып кетишкен. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жакында иш козгоду. Өзбекстандын заводунан темир жолго чейин миңдеген тонна жер семирткичтерди офшордук зонада катталган фирма менен кымбат баада ташыткан экен. Эч кандай тендер өткөргөн эмес.  Жыйынтыгында мамлекетке 8 млн. сомго жакын зыян келген. Мына ушул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Мен бул боюнча документтерди карасам, бир да түп нускадагы документтер жок экен. Бухгалтерия да: “Түп нускадагы документтерди бизге берген эмес” – деп билдирди.

Биз аз күн мурун эле дагы бир кылмыштуу иштин жагдайын ачтык десек болот. Талас облусундагы буудай сактаган кампаларыбызды текшерип, эсебин алышканда, ал жерде миң тоннадай буудай жетпей калды. Негизи, Талас облусунун элине 700-800дөй эле тонна буудай запаска туруш керек болсо, негедир 7-8 миң тоннадай сатып алышкан экен.

—Демек, Жумабеков өзүнүн кичи мекенине буудай сатып алуу боюнча басым жасаган экен да. Бул да бир коррупциялык схема да…

—Ошондой болуп калса керек.  Кыскасы, биз миң тоннадай буудайдын жетишпестигин аныктап, сактоочу жайдын директорунан түшүнүк алсак: “Мен коротуп койдум эле”- дейт. Муну кандай түшүнсөк болот? Биз  бул боюнча бардык материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берип, Өкмөт башчыга да маалымдоо катары кат жаздык. Эми тергөө жүрүп, юридикалык баа берилет деген ишенимде турабыз. Биз мындай аракеттер менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтөлү деген оюбуз бар.

—Эл уга элек дагы кандай жакшы жаңылыктарыңыз бар?

Дагы бир жакшы жаңылык айтайын.  Кыргызстан боюнча эң чоң тегирмен, ал эми союз мамлекеттери боюнча 3-орунда турган, 100 миң тонна сактай турган тегирменди  өзүбүздөн оптимизация жүргүзүп, 14 штат менен жакында ишке бердик. Бул уникалдуу тегирмен 20 жылга жакын убакыттан бери иштебептир, анын үстүнө жарым-жартылай да жеке менчик колдорго да өтүп кеткен. Азыр бул маселе боюнча да соттук териштирүү жүрүп жатат. Жакшы жери, эми  Кыргызстандын түндүгүнөн сатып алынган буудайды мына ошол тегирмендин буудай сактоочу жайына талапка ылайык сактоо боюнча чечим кабыл алдык. Кудай буйруса, Түндүк-Түштүк альтернатива жолу ачылып калса, түштүктөн да алынган буудайларды ошол Балыкчыга сактоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эмнеге дегенде биздин фонд жыл сайын элден алган буудайларыбызды сактоо үчүн буудай сактоочу жайларга, адамдарга  20 миллион сомдой акчаны сарптайт экен. Ал эми Балыкчыда сактасак, биз  болгону 7-8 миллион коротобуз. Ошондо биз 10-12 миллион сом акчаны үнөмдөөгө жетишебиз.

(уландысы бар)

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here