Чагылган: Белгилүү болгондой кинорежиссёр Темир Бирназаров качып кеткен президенттер тууралуу «Кош келиңиз, президент мырза!» аттуу толук метраждуу, тарыхтан, турмуштан алынган көркөм кино тартып бүткөнүн буга чейин бизге берген маектеринде айтып берген эле. Бул кинонун автору да, режиссёру да Темир мырза өзү экен. Учурда жалпы коомчулук аталган кинону качан көрөбүз деп чыдамсыздык менен күтүп келет. Биз элге маалымдап коёлу.

15-мартта чакан чөйрөгө жабык көрсөтүлөт экен. Андан кийин, тагырагы 29-марттан тартып республиканын баардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бүгүн болсо Бирназаровдун «Тазар» кино компаниясы «Кош келеңиз, президент мырза» тасмасынын расмий трейлерин биринчилерден болуп биздин сайтка берди. Эмесе, азырынча расмий трейлерди көрүп туралы… Толугун бир аз чыдасак көрөбүз…

https://www.youtube.com/watch?v=Gup4Tilba2I&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here