Эске сала кетсек, Социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова балдарга берилүүчү пособие  чатагы менен элдин нааразычылыгын туудуруп, катуу сындарга кабылганы маалым. Бул маселеге депутаттар да күнөөлүү болгон. Себеби, алар шайлоо алдында “сонун мыйзам экен” деп “ураалап”, колдоп өткөрүп жиберишкен. Өкмөт болсо ал мыйзамды аткарууга бюджетте акча тартыш экенин билдиргенден улам, президент ал мыйзамды артка кайтарган болчу. Ал эми пенсия, пособие маселесин жөнгө сала турган министрликти  жетектеген  Таалайкүл Исакунова бул талаштуу мыйзам боюнча өз позициясын айтып чыккан эмес. Ал ушул маселени Жогорку Кеңеш жыл башында талкуулап жатканда өз позициясын билдирип: “Мен кызматтан кетүүгө даярмын, бизден да кемчилик кетти” – деген позициясын бидирген. Андан бери бир топ убакыт өттү. Бирок Исакунова айым бүгүнкү күндө былкылдабай иштеп жатат. Же айткан сөзүн унутуп калдыбы? Балким, Исакунованын жогорку жактагы колдоочусу күчтүүбү? Иштин көзүн билбеген соң, эртелеп ишин бошотуп бербейби? Белгилүү болгондой Исакунова алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун кайын эжеси. 2015-жылы “Кыргызстандан” ЖКга депутат болуп келип, андан кийин министрлик кызматка кеткен.

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here