Эл уулу, меценат Мирлан Исагалиев мырза менен алып барып жаткан кайрымдуулук иштери туурасында маектешип кайттык. Белгилей кетсек Мирлан мырза буга чейин Балыкчы шаарында гемодиализ борборун ачып, ал 1-июндан тарта бейтаптарды дарылап баштаган. Андан сырткары 4 тез жардам унаасын алып келип, ооруканаларга белек кылган.

“Тез жардам унаасын алып келем  дегендерге кеӊешимди берүүгө даярмын”

—Бизде жаманды жаман, жакшыны  жакшы деп айтканды билишибиз керек да. Мен 4 “тез жардам”  унаасын алып келдим. Ошондо өкмөт мага растаможканы төлөткөн жок. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бажы дагы жакшы жардам берип жатса стимул берет экен. Бул жерде жалгыз өзүм деген да туура болбой калса керек. Анткени, чынында көп каражатты мамлекет мага төлөткөн жок. Кээ бир адамдар “тез жардам” унаасын алып келип жардам берем десе мен жол- жобосун түшүндүрүп берет элем. Маалымат чогултуу, кайсы документтерди кайдан кантип алаары тууралуу кеӊешимди берүүгө даярмын. Жакында эле айылыбызга тез жардам унаасын алып берет элек деген жигиттер чыкты, аларга жол жобосун түшүндүрүп бердим.

“Мамлекеттен  көӊүл бурса  ого бетер иштегиӊ келип калат экен”

—Балыкчы шаарына нан бышыруучу жай куруп, күнүнө 200дөн нан андай үй-бүлөлөргө бекер берилчү, андан сырткары ай сайын азык-түлүгүн алып берип турчумун.  “Бир колуӊ менен бергенди экинчи колуӊ көрбөсүн” — деп динде айтылат эмеспи. Ага чейин булар жөнүндө айтпай жүрдүм. Кийин Чубак ажы менен маектешкенимде: “Жарыя садага деген бар, мактанган учурдан өтүптүрсүӊ, элге сабак болсун”, — дегенинен биринчи медресени салганда кичине учкай маалымат берип элге көрүнө баштаганбыз. Ага чейин Тоӊ районуна нан бышыруучу жай кургам. Ал жакта күнүнө 60 нан бекер берилчү. Андан кийин апам ооруду, медицинанын ошондогу ахыбалын көрүп, өзүмө медицинага жардам берсемби деп багыт алгам. Апамдын оорусу медицина тармагына көӊүл бурууга түрткү болду.  Эми өзүӊөр билгендей гемодиализ борборун ачканымдын себеби, атамдын инисинин кызы бөйрөк жетишсиздиги менен ооруду, карындашым менен гемодиализге чуркап жүрүп чынында гемодиализге муктаж адамдардын абдан кыйналып жаткан учурун көрдүм. Анан гемодиализ борборун ачууга бел байладым. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында районунда гемодиализ борборун ачтым. Кыйынчылыктар болду. Менде деле ошол учурда каражат жагынан кыйынчылык бар болчу. 1-2 айда ачам деген планым бар эле, 7-8 айда ачылды. Бүгүнкү күндө борбор иштеп,  гемодиализге муктаждарга иштеп жатат. Балыкчы шаарынын мэриясы жана жергиликтүү кеӊеш менен сүйлөшкөндө жерин бөлүп беришти. Урбашев Таалай деген байкелерибиз менен жолугуп гемодиализ борборун ачсамбы деп атам дедим. Талантбек Батыралиев мырзага тааныштырып, иш алып барып калдык. Гемодиализ борборун ачайын деп атам дегенимде Талантбек мырзанын кубанып жатканы жүзүнөн көрүнүп турду. Мага долбоорлорун берип, бизден эмне жардам керек болсо айт деди. Мындайча айтканда, менин демиме-дем кошту. Бул жагын мындай кылалы деп багыт көрсөтүп жатты. Борбор бүткөндөн кийин Ардак грамотасын берди. Мамлекеттен кичине эле көӊүл буруу болсо ого бетер иштегиӊ келип калат экен.

“Жардам бергенден ырахат алам”

—Акчанын адалына басым жасайм. Анткени биздин ушу тапкан акчабыз үй-бүлөбүзгө да адал болушу керек. Азыркы тапта жол куруу жаатында иштейм. Россиядан бетон алып келем жана күнөсканаларды иштетем. Кичинекей базам, техникаларым бар. Келечекке койгон пландарым абдан чоӊ. Жараткандын алдында өзүмө тапкан акчамдын көп бөлүгүн кайрымдуулукка жумшайм деп сөз бергем. Элге жакшылыкка себеп болсун деген максатта иш алып барып жатам. Өзүм долбоорлор менен иштеп атам. Көбүрөөк акча тапканга аракет кылып, ар кандай долбоорлорго чалып, ошонун үстүндө иштейм. Жардам бергенден ырахат алам. Жок дегенде бир адамга жардамым тийсе деген тилегим бар.

 “Саясатка баруу эч оюмда жок”

—Гемодиализ борбору салынабы, медициналык борбору салынабы, же  “тез жардам” унаасы берилеби, шайлоого жакын болбосун, алыс болсун дейм. Адам болгондон кийин эмне себептен бекер берип жатат деген да ойлор болот экен. Көбүнчөсү саясатка да байлап жатышат.  Нарынга тез жардам унаасын берип жатканда 2020-жылга чейин көп бар да, шайлоого эрте даярданып жаткан жоксузбу? – деп сурап жатышты. Менин кайрымдуулук иштерим эч кандай саясатка байланбасын деп кылып жатам. Өзүм саясаттан алыс болсомбу деген аракетим бар. Мени эл меценат катары кабыл алса. Түпкү оюм саясаттан алыс болуу. Азыр жумуш боюнча сунуштар түшүп жатат. Бирок, мен кайрымдуулук иштери менен кетүүнү туура көрдүм. Чынында саясатка баруу эч оюмда жок.

“Апамдын урушканын, атамдын сен деп айтканын эстей албай койдум”

—Атам Нарын автобазасында шоопур болуп иштеген. Андан кийин Балыкчыга көчүп келип     иштеди. Атам да, апам да жоош, катуу айтпаган кишилер экен. Атамдын өмүр бою Мирлан деп айтканын укпаптырмын. Дайыма барганда сиз, келиӊиз деп турчу. Апам болсо бизди урушуп чоӊойтпоптур. Апамдын урушканын, атамдын сен деп айтканын эстей албай койдум.

“Элге кайрымдуу болобуз деп кыялданчубуз”

—Атам биздин үйгө келген кишилерге жардам берип, буларда жакшы болсо, сенде андан жакшы болот, — деп көп айтаар эле. Биз дагы чоӊойгондо көп жардам беребиз деп кыялданчубуз. Элге кайрымдуу болуп, жардам берүүнү атам менен апам биз кичинекей кезибизде эле жүрөгүбүзгө сиӊирип коюптур. Кайсы бир кесиптин ээси болууну эмес, адамдарга жардам беребиз деп чоӊойдук.

 

Үй-бүлөдө тартипти жакшы көрөм”

—Үйдө жумшак атамын. Бирок, тартипти жакшы көрөм. Балдарым атасын айтканда уялбагандай кылып жакшы мээримдүү ата болгум келет. Жаман ойлобо, жаман сүйлөбө, жаман иш оюӊарда болбосун деп насаатымды айтып турам.

“Алдыга койгон пландарым көп”

—Алдыга койгон пландарым, оюм, максаттарым көп. Келечекте оорукана ачып, алыскы региондорго тез жардам унааларын алып берсем деген тилектерим бар. Кайрылуулар саат сайын болуп турат. Ар бир нерсени убакыт көрсөтөт экен. Чынын айтканда ишке жараша болот. Кайрымдуулук фонддор көбөйбөдүбү. Андай фонд деле ачайын деген оюмда жок, бирок жакында бир иним экөөбүз бир программаны бүтүп, даярдап, адамдарды бири-бири менен байланыштыруу максатында көпүрө бололу деп жатабыз. Азыр адамдарда кайрымдуулук маданияты жогорулап жатпайбы. Ал программада акча бизге жетпейт, биз болгону көпүрө болуп беребиз.

 

Каныбек САПАРОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here