Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш мындан ары дагы жөн гана улантылбастан, күчөтүлө турганын Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Ал бул убадасына тура турганын жана бул күрөштүн башында өзү тураарын да баса белгиледи.

Демек, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө эбегейсиз тоскоолдук жаратып келген коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болушуна ишеним бар. Андыктан коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачып, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн мамлекет башчысына кол кабыш кылуу ар бирибиздин милдетибиз болуп саналат.

Коррупционерлерди азыр алыстан издеп кереги жок. Алар айлана-тегерегибизде эле жүрөт. Айрымдары парламент парталарында отурат. Маселен, ЖК депутаты Исхак Пирматов. Бул депутатты 2012-жылы эле Башкы прокуратура коррупцияга айыптап чыккан. Бирок, анын  “парталаштары” кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бербей койгону үчүн жоопкерчиликтен сырткары калган эле.

«Кыргызнефтегаз» ААКсында жетекчиликте туруп түзгөн коррупциялык схемасы же 23 сомдук бензинди 9 сомдон сатуунун сыры

Аталган компаниянын башкармалыгынын төрагалыгын ээлеп турган Пирматов мамлекетке миллиондогон зыяндарды алып келген. «Кыргызнефтегаздын» 85% акциясы мамлекеттики болгонун да эске сала кетели.

2012-жылы Баш прокуратуранын берген маалыматына караганда 2009-жылы Исхак Пирматовдун буйругу менен «Кыргызнефтегаз» ААКсы А-80 үлгүсүндөгү бензинди жана күйүүчү майды атайылап арзан баада саткан. Кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын баасы боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКсы тарабынан мамлекетке келген зыяндын көлөмү 600 миллион сомду чапчыган.

Кандайча дебейсизби? Ошол 2009-жылдын 29-январында «Кыргыз Мунай» ЖЧКсы түзүлөт. Анын 80% акциясы В. Слесаровго, ал эми 20%ы Д. Абышкаевге тиешелүү болот. Анан жаңы эле түзүлгөн фирма менен бир нече күндөн кийин И. Пирматов башында турган «Кыргызнефтегаз» бензин сатуу боюнча келишим түзөт. Болгондо да баасы 1 литрине 9 сомдон гана бааланат. Ал эми ошол эле убакта «Газпром Нефть Азия» бензинди дүң баада орточо 1 литрин 23 сомдон сатып жаткан. Ошондо Пирматов эмне себептен «Кыргызнефтегаздын» бензинин базар баасынан ар бир литри үчүн 14 сомго арзан саткан? Же «Кыргыз Мунай» ЖЧКсынын эки негиздөөчүсү тең (Слесаров жана Абышкаев) бир эле учурда «Кыргызнефтегаз» ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү болгону үчүнбү?

Пирматов баарынан акылдуубу?

Бул иш боюнча убагында депутаттык да комиссия иштеген. Алар эсептөө палатасынын инспекторлорунун актысына таянып, Пирматовду актаганга аракет жасашкан. Ал инспекторлор ««Кыргызнефтегаз» ААКсы бензинди өзүнүн өндүрүлгөн баасы – 5,26 сомдон жогору сатышкан, андыктан Пирматовдун аракети мамлекетке зыян алып келген эмес» деген сыяктуу тыянак чыгарышкан. Анда эмне себептен Пирматовго чейинки жана андан кийинки «Кыргызнефтегаздын» директорлору бензинди 9 сомдон эмес, 20-25 сомдон сатышкан? Же аларга караганда Пирматов акылдуу беле?

Мамлекеттин үлүшү бар компаниялар максималдуу киреше табууга аракет жасашы керек. Эгерде базар баасы 23 сомдон болуп атса, аны 9 сомго чейин түшүрүп сатуу эч кандай акылга сыйбай турган жорук экенин гана айтып койгонубуз жетиштүү.

Ошол убакта Пирматовдун тарапташтары ««Кыргызнефтегаздын» бензининин арзан баада сатылышы- анын сапатына байланыштуу болгон» дегендей актанышкан. Бирок, ошондой эле сапаттагы бензинди саткан «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКсы 2009-жылы бензиндин баасын мынчалык төмөн түшүргөн эмес эле. Ошол убактагы Башкы прокуратуранын берген маалыматы боюнча «Кыргызнефтегаздын» бензини өтө чоң суроо-талап менен колдонулган. Андыктан «сапаты начар болгон үчүн арзан баада саткан» деп айтууга эч кандай негиз жок болчу.

«Арзан баада бензин алсаң, ага дагы арзан пайыздагы кредит сыйлыкка берилет»

И. Пирматов жетектеп турган «Кыргызнефтегаз» «Кыргыз Мунай» ЖЧКсын баласындай бапестеп келген. Ага таптакыр базар баасына коошпогон арзан баадагы бензинди сатуу менен бирге, 2010-жылдын 5-февралында 4%дык гана үстөк менен 1 миллион доллар кредит берген. Ал убакта мамлекетибиздеги бардык банктарда кредиттердин төмөнкү үстөк пайызы 20%дан ылдый эмес эле. Эмнеге Пирматов мынчалык берешен болуп кеткен?

Көз боёмочулуктун классикалык үлгүсү

Пирматов элдин көзүн кантип боеп койсо боло турганын да укмуштай өздөштүргөн экен. Маселен, 2012-жылдагы Баш прокуратуранын маалыматында И. Пирматов башында турган «Кыргызнефтегаз» ААКсы менен «Юнитрейд компани» (КЭР) ЖЧКсы түзгөн келишим мамлекетибизге кандай чоң чыгым алып келмек экендиги айтылган.  2011-жылы 3-июнда өкмөттүн буйругу менен түзүдлгөн ведомстволор аралык комиссиянын эсеби боюнча бул келишим толугу менен ишке кирип кеткенде Кыргызстан 24,7 миллион АКШ долларын жоготмок.

Башкы прокуратура бул келишим башка макулдашууну жабууга максатталган жалган келишим болгон. Пирматов «Юнитрейд компани» ЖЧКсынын чет элдик компания деп айтышкан. Бирок, ал «эл аралык» компаниянын кеңсеси Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын Автобаза көчөсүнүн №8-үйүндө жайгашканы тастыкталган. Көз боёмочулук бекен? Натыйжада Бишкек шаардык соту, Жогорку сот дагы бул келишимди жараксыз деп таап, мамлекетибизди бир чоң чыгымдан сактап калган.

Демек, И. Пирматов качан мыйзам алдында жооп берет деген мыйзам ченемдүү суроо жаралбай койбойт. Коррупцияга каршы күрөш мына ушулардан башталышы керек эмеспи.

Биз Исхак Пирматов тууралуу макалабызды дагы улантабыз. Алдыда анын бизнес махинацияларын иликтеп-жиликтеп, коомчулукка жарыялайбыз.

 

Булак: Багыт. Азамат Кангелдиев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here