Чагылган:Аз убакыттан бери соцбаракчаларда мына ушундай акция башталганы байкалып, аны интернет колдонуучуулар кош колдоп колдоп башташты. Албетте, бул да болсо эне тилди көтөрүү, өнүктүрүүнүн бир жолу деп түшүнсөк болот. Анткени, биздин мамлекеттик тилибиз 1989-жылы эле атайы мыйзам менен кабыл алынса да, 30 жылга жакын убакыттан бери, айрыкча чоң шаарларыбызда орус тилдин үстөмдүгүндө калып келатканы жашыруун эмес. Буга мамлекет жетекчилери түздөн-түз күнөөлүү экенине тарых өзү күбө. Борбор шаарларда «боорго тебилип» өнүкпөй калган өз тилибизди өнүктүрүүнүн ордуна, аны өгөйлөгөн учурлар көп эле болду. Маселен, Аскар Акаев орус элине кошоматка кой эмес, төө союп, орус тилди расмий тил катары кабыл алып салганы эмненин жакшылыгы. Орус эли өзү улутчул эл. Кыргызстан орус тилине расмий тил статусун берген бирден-бир өлкө болуп, орус тил бул жакта укмуш өркүндөп жатса да, бизде депутат Карамушкина баштаган бир катар адамдар «орус тилине кысым болуп жатат, өнүкпөй жатат» -депач айкырыкты салып келишет.

Биздин элдин орус тилине берген жакшылыгын ошолор билбеген соң, башкалар балээнин билеби? Ал эми бизде «Өздөн чыккан жат жаман» — деген киргиздер арабызда дале көп. Кыргызча кыйналып сүйлөсө да, эч сүйлөшпөй, үйрөнгөнгө аракет кылышпай, кайсы жерде болсо да  орусча оозу менен орок оруп турушат. Бул сөз атка минерлердин баарына тиешелүү.

Мына бул акция ошол киргиздерге сабак болсун. Ылайым, эне -тилибиз дүркүрөп өсүп-өнүп, ашып-ташып, байый берсин! Айтмакчы, Президентке караштуу мамлекетти тил комиссиябыз бар. Ага жыл сайын тилди өнүктүрүүгө 10 миллиондогон акча бөлүнөт. Бирок ошол каражаттарга элге байкарлык эмне иш кылып жаткандары эч байкалбай келат. Андыктан, аталган тил интернеттеги ушундай акцияларды колдооого алышы кажет…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here