Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында отуп жаткан кышкы олимп  оюндарына Кыргызстандын атынан барган тоо лыжачы Евгений Тимофеев 63 орунду ээледи.

18-февралда ал гиганттык слалом боюнча 109 спортчунун арасындагы таймашта биринчи жарышта 72-орунга чыккан. Экинчи аракетте 1 мүнөт 20.13 секундда марага жетип, 63-келген. Тимофеев 22-февралда слалом боюнча жарышка чыгат.

Эске сала кетсек Кыргызстандан барган эки спортчунун бири лыжачы Т.Жаркынбаев 13-февралда1.4 чакырымга спринтердик жарышта    78-орунду ээлеген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here