Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында Түндүк Кореядан оюндарга катышып жаткан спортчуларды атайын даярдалган көп сандаган кыздар колдоп турушат. Бирдей түстөгү кийимдерди кийген 229 кыздын сүрөттөрү интернет дүйнөсүндө кызуу талкууга алынып, көпчүлүктү таң калтырууда.

Көптүн көңүл борборуна түшкөн кыздар Пйоңчаң шаарынан анча алыс эмес жердеги курортко жайгаштырылган. Колдоочу кыздарды автобуста бара жатканда полиция кызматы кайтарып алып кетет. Оюн учурунда сакчылар кыздар менен башка адамдардын сүйлөшүүсүнө жол бербейт. Атайын даярдалган бир адам алардын баарына кол чаап, кыймыл-аракеттерди жасоону, патриоттук ырларды аткарууну жетектеп турат.

Көпчүлүк журналисттер кыздарды түштөнүү жана башка учурларда да көп сандагы сакчылар катуу тартипте кайтарып жатканын жазышкан. Түндүк Кореяны катуу сындап келген АКШнын «New York Times» гезити бул көрүнүштү аскердик турмушка салыштырган. Анткен менен интернет дүйнөсү Олимпиададагы бул көрүнүшкө таң калып бүтө элек.


Булак:super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here