Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанга ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу сунушун көтөрдү. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук угууга чыгарылды.

Министрликтин билдиришинче, бул демилге улуттук каада-салттарды колдоо, улуттук маданиятты көтөрүү жана баалуулуктарды кеңири жайылтуу максатын көздөйт.

Кыргызстанда сатылып жаткан калпактардын айрымдары Кытайда даярдалганы айтылып келет.

Буга чейин Жогорку Кеңеште бийлик башындагыларды жана спортчуларды чет элге барганда калпак кийүүгө милдеттендирүү демилгеси да көтөрүлгөн.

Мындай пикирге кээбир жарандар каршы экенин билдиришүүдө.

Кыргызстанда Ак калпак күнү 5-мартта белгиленип келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here