Чагылган: Буга чейин Кыргызстанга жана КМШ өлкөлөрүнө белгилүү болгон мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев Россияда кармалганын  бир нече маалымат булактары жазып чыккан эле.

Ал Россияда эмес Кыргызстандын эле ичинде кармалып, суракка алынган.

Орусиянын Ички иштер министрлиги криминалдык төбөл Камчы Көлбаевге Орусия Федерациясынын аймагына кирүү тыюу салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, Орусия ИИМинин өкүлдөрү Бишкекте Көлбаевге карата профилактикалык иштерди жүргүзүп, ага эскертүү берди.

Рrimecrime.ru сайты Камчы Көлбаев Орусия үчүн “персона нон-грата» болуп жарыяланганын жазган. Маалымат каражаты Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери бул боюнча буйрукту Бишкекте ИИМдин имаратында Көлбаевдин өзүнө тапшырып жаткан видеосун да тараткан.

ИИМ кызматкерлери андан: » Россияга киргенге , жашаганга уруксат кагазын барбы? «- деп сурашканда, ал: » эч кандай уруксат бере турган документтерим жок» деген жооп айткан. Ошондой эле андан абакта канча убакыт отурдуң эле деп сурашкан, ал жалпысынын  6-7жыл отурганын айткан. Көлбаевге Россияга кирүүгө болбой тургандыгын айтышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=KtyMmCq5qb0

Былтыр декабрда АКШ да Камчы Көлбаевди “кара тизмеге” киргизген.

Камчы Көлбаев 2008-жылы Москвада «мыйзамдагы ууру» макамын алып, бир катар криминалдык төбөлдөрдүн катышуусунда «таажы тагынганы» айтылган.​

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here