Кечээ күнү президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, коррупция, мыйзамдуулук, көзөмөл маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Жээнбеков алгач Индира айымга: « Тынымсыз текшерүүлөр мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат» — деп айтып, бир учурда  айрым козголуп, бирок андан ары жылбай «муз» абалында тоңуп калган кылмыш иштерин да тыкыр көзөмөлгө алуу, жылдырууну да белгиледи.

Мына ушундан улам, Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Жогорку Кеңештин «коррупционер» депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш ишин козгогону эске келет. Андан бери көп убакыт өттү.

Акылбек Жапаровго козголгон кылмыш иштен такыр эле дайын жок. Белгилей кетсек Жапаров Бакиевдин тушунда биринчи вице-премьер болуп иштеп турганда Канттагы «МИС» деп аталган мал чарбасына ( сүт азыктарын өндүрөт) мамлекеттик бюджеттен  200 миллион сом алган, өнүктүрүү максатында. Бирок ошол акча кайра казынага кайтырылбай калган. 2012-2015-жылдары Экономиканы өнүктүрүү фонду ал акчаны кайтаруу маселесин эки ирет узарткан болчу. Бирок Жапаров «билгениңерди кылып алгыла» — деген мааниде тоготопой жүрө берген. 2017-жылдын 1-мартына карата ОАО «МИСтин» мамлекетке болгон карызы 237 миллион 791  миң 75 сомду түзгөн. Бул ишти УКМК иликтеп, 2017-жылдын май айында Жапаров менен Чудиновго  Жолдубаева өзү кылмыш ишин козгогон эле. Тергөөнүн маалыматына ылайык, алгач бул чарбанын 24 пайыз акциясы Чудиновго таандык болгон, кийинки маалыматта толук иш-кагаздардан улам 95 пайыз акциясы Жапаровго таандык экени ачыкталган. Мындан тышкары, «МИСке» мамлекеттен келип түшкөн каражаттардан 68 млн. 248 миң сом максатсыз пайдаланганы боюнча соттук экспертиза өз жыйынтыгын чыгарган. Бул мамлекетке келтирилген олчойгон зыяндын негизинде Жапаров менен Чудиновдон тышкары  Узакбаев, Айдаралиев ж.б. тиешеси бар бир катар адамдарга да кылмыш иш козголгон.

Мына Жапаров менен Чудиновго ушул маселе боюнча козголгон кылмыш иши 1 жылга жакын убакыттан бери алдыга жылбай токтоп турат. Жапаров болсо баягысындай эле асмандын башын сүйлөп, уялбай парламентте элге акыл үйрөтүп олтурат. Өткөн жылы күздө шайлоо болду. Ошол шайлоодо Бул эки эргул бийликке жагынуу үчүн буттуры үзүлгөнчө  чуркап, берчүсүн укмуш бериптир деген кеп кеткен. Андан кийин Жапаровдун Асылбек Жээнбеков менен кан куда болууга жандалбастап жүргөнү боюнча да маалымат ачыкка чыгып, ал да катуу талкууга алынган эле. Мына ушул сөздөрдүн баары эле бекеринен айтылбаса керек. Кандайдыр бир деңгээлде чындык барбы деген ойлор кетет. Бирок жаңы президент мындай  «коррупционерлерди» канатына калкалабайт жана алар менен кан куда болбойт деген ишенимдебиз. Ылайым эле ошондой болсун дейли…Жээнбеков аз күн мурун коррупция менен күрөшүүгө саясый эрки жете турганын баса белгилеп айткан эле . Эми ошол саясый эркти иш жүзүндө көрсөтүшү керек.

Жолдубаева Жээнбеков берген тапшырмалар так аткара алабы? Же баягыдай эле илең-силең абалда жүрө береби? Бул жагын эми убакыт көрсөтөөр. Чынында жакшы эле эркелеп, өзүн укмуш сезип алган Кыргызстандагы № 1 «коррупционер», «мистер 10 пайыз» деген каймана аттарга конгон Жапаровго козголгон кылмыш ишин жылдырып, анын ишин эртерээк сотко өткөрүп, өзү тыкыр көзөмөлгө алышы зарыл.

Сотко өткөрүп гана тим болбой Жапаровго таандык  «Дамаск» баштаган бардык байлыктарды, мүлктөрдү мамлекетке өткөрүү керек. Жапаровдун миллиондогон долларларды чапчыган  ал байлыктары мамказынага  түшсө, анда мамлекет ал акчалар менен ондогон айылдарга жетпей жаткан мектеп, ФАП, таза суу сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чечмек. Керек болсо тышкы карыздын бир топ бөлүгүнөн да кутулуп коймок. Бул жагына мен эле эмес, жалпы коомчулук деле кепилдик берсе керек. себеби, Жапаровдун байлыктарын санап бүтө алабйсың, жазсаң кагаз бети чак келбейт…

Эмнеге дегенде, Жапаров ошончо байлыктын баарын өз мээнети менен тапкан эмес, муну эл жакшы билет. Андыктан анык коррупционерлердин мамлекеттен алдым-жуттумдуулук менен алган мүлктөрү эртелеп мамлекетке кайтарылышы зарыл. Жолдубаеванын колунан ушул иш келеби? Айтылаган тапшырмаларды ташыркап аткара албай, ажону атпай -журтка уят кылбаса эле болду…

Урамат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here