15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына быйыл 30 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 250дөйү каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны  6 миңдин тегереги.

Мен Ооганстанга 1985-жылы күзүндө Новосибирск шаарында ЖОЖдо 2-курста окуп жүргөн кезде: “20А” деген команда менен кеткем. Кыргыздардан бешөөбүз эле. Бирок төрттө мага караганда арык жана кичирээк эле, ошондон уламбы, айтор аларды башка командага кошуп жиберди. Ал эми менин боюм 170см. Салмагым 70 кг. эле, ошондуктан мага: “ Германияга Аба десантына барасың” дешти. Бирок вокзалга келгенде, Германия тарапка эмес, Ташкент тарап Ашхабаддын 13-шаарчасына (Ирандын чек арасына жакын жерге) алып келип, бизди  ошол жерден  6 ай машыгуудан өтүп, “Командир градка” даярдашты. Ашхабадда  кыргыз балдардан 10го жакын болчу.  Андан кийин Кабулга алып барып, ал жерде 1 ай жергиликтүү элдин салт-санаасына ж.б. үйрөттү. 1 айдан кийин Саланг деген атактуу ашуусунун түшө бериши жактагы Джабалусарас деген жерде кызматтык мөөнөтүбүз аяктаганча болдум. Мени ал жерден биринчи эки айдай “Командир граддын” (аскер машинесинин үстүндө орнотулган катюша) “новодчиги” болдум, андан кийин атайы текшерүүдөн кийин, “Командир машине” кылышты. Биздики рота  эмес, №2- Огневой взвод 4-рекативний бактерия деп аталчу. Ошондо бир “батерияда” 3 машина болсо,  ар бир машинада командир менен 7-8 адам болот. Бир гардка 40 снаряд батат. Атканда алыстыгы 21, тоо шартында 23 чакырымга чейин жетет эле.

Негизи, “Командир град” Ооганстандын согуш жүрүп жаткан ар бир шаарларына, айрым айылдарына чейин бөлүп-бөлүп коюп коюшкан. Биз болсо Джабалусараста полкту көзөмөлдөп кайтарып турдук. Көбүнчө, Чарикар (Бишкектен үч-төрт эсе чоңдуктагы жап-жашыл бак –дарактуу жер, бирок бактардын узундугу бир метрдей эле) өзөнүндө болдук. Ал, “жашыл өзөнгө” совет жоокерлери кире алган эмес, анткени ал өзөн моджахеддердин ээлеп алган жери болчу. Бизди ал “жашыл өзөндө” жашынган душмандар дайыма атып, ар кандай ыкмада кол салып турушчу. Биз ошол кооптуу аймакта град менен атып турчубуз. Ошол 1986-жылы моджахеддер Европанын, АКШнын колдоолорунун негизинде абдан жакшы куралданышып, бизди “реактивный снаряддар” менен аткылашчу.

1986-жылы, жаңылбасам 13-февраль күнү биз турган жерде чоң  окуя болуп кетти. Ошол кезде бир канча убакытка согуш токтоп турган. Себеби, атактуу Ахмад Шах Масуд менен элдешүү жүргөн эле. Биздин жаныбызга Пулихумур жактан керосин ташып келаткан  40тан шаланга КамАЗдар (10-41 деген каллона болчу) токтоп калды. Ар бир камазда экиден, үчтөн болгондо, алар жалпысынан 100дөн ашык болсо керек.  Башка жерге токтошсо, душмандар аны атып салышы мүмкүн эле. Биз болсо, аларды кайтарып турдук. Мен ал кезде командир взводдун орун басары болчумун. Кечинде жокерлерге “кечки текшерүү” өткөрүп жатсам, жаныбыздан эле  бир нерсенин катуу жарылган үнү угулуп калды.  “Аткылоо” башталды деп кыйкырып калышты. Андайда биздин биринчи милдет, тез аранын ичинде машинеге жетип, градды атканга даярдоо. Баарыбыз чуру-чуу түшүп сыртка чуркап чыксак, баягы “жашыл өзөндөн” снаряддар менен  тынымсыз аткылап жатышыптыр. Карасак, биздин “каптёркабыз”, дааратканабыз күйүп жатат. Биз: “согуш токтоп, элдешүү саясаты жүрүп жатса, бул эмнеси”-деп маңыроо болуп эч нерсеге түшүнбөй калдык. Туш-тараптан жарылуулар күчөп, алоолонгон от асманга чыкты. Тим эле, 1941-жылкы согуштагыдай эле болуп кетти. Чуркап машинага жете бергенде, эки, үч снаряд учуп келип баягы тизилип турган 40тан ашык КамАЗдардын так ортосуна түштү. Жарылуу биринен бирине өтүп, айлананы дароо кызыл жалын менен кара түтүндүн каптады. Ар кайсы жакка КамАЗдардын тетиктери, дөңгөлөктөрү биз жакка учуп да, ыргып да турду. Кыскасы, май ташыган 40 КамАЗдын өрттөнгөнүн карап көр. Ошону бирөөлөр сүрөткө тартып алган экен, ошол сүрөт менде бар. Биз машинелербизге олтура калып, снаряддар учуп чыгып жаткан жерди дароо аткылап, жок кылдык. Биздин жоокерлерден эч ким курман болгон жок. Бирок КамАЗдардын бир канча  айдоочулары каза болду. Карап турсак, бир айдоочу өрттөнүп жаткан КамАЗды айдап качып, бир нече метрге жеткенде айдоочу карга секирди. Көрсө, ал КамАЗ ысып жетчү жерине жетип калса керек, айдоочу секиргенден кийин 10-15 метр жүрүп барып эле, тарс жарылып, күлү көккө сапырылды.

Мен колоннага барып: “Эй, Кыргызстандан барбы?” –деп кыйкырдым. Бир убакта: “Бар” деген үн чыкты. Ошол жалында калган эки кыргыз айдоочу бала бар экен. Анын бирөөсү Казыбек деген жигит эле,  азыр Аламүдүн ИИБсинде иштейт. Чини майор. Экинчиси Токмокто жашайт. Мен экөөнү тең алып келип, курсагын тойгуздум. Кийимдери да жок, жылаңайлак жүрүшөт, кийим да бердим. Автоматтары да күйүп кетиптир. Ошондо бизди көргөн башка улуттун жоокерлери: “Кыргыздар жаман ынтымактуусуңар да”-деп абдан таң калышкан. Мен взводдун командиринин орун басары болчумун. Ал кезде менин ошентип кийим кийгизип, курсактарын тойгузганга кудуретим жетип, болуп турган кезим болчу…

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here