15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына 29 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 249у каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны  6 миңдин тегереги.

  1980- 1981- жылдары толугу менен ооган согушуна катыштым. Ал жакта бир жарым жыл Чалгындоочу батальонунун Чалгындоочу  ротасынын командири, андан кийинки жарым жыл № 177чи Чалгындоочу полктун жетекчиси болуп кызмат өтөдүм.  Негизи эле, чалгындоочулардын тапшырмасы   абдан оор, мисалы: кайсы дивизия, кайсы полк, кайсы рота согуштук операцияларга  чыкса, сөзсүз түрдө алар менен кошо чыгат. Аларга колдон келишинче биринчи маалыматтарды берүү биздин милдетибиз болчу!   Биз 1980-жылы жарым жылдан ашык Кабулдун четиндеги Хайрхана деген ашууда, андан кийин Баграм деген шаарда турдук. Чалгындоочу полктун жетекчиси болуп дайындалгандан кийин Джабалусарас деген жерде болдук. Ал жерде Кабулдан Саланг ашуусуна кеткен жолду моджахеддерден кайтарып, көзөмөл кылып жүрдүк.  Бизге  тоолорго Авиация техникалары менен чалгындоого чыгышкан   чалгындоочулар  модажехеддер боюнча биринчи маалыматты берип турушчу. Ошол маалыматтарга таянып, аларга каршы тиешелүү чараларды көрчүбүз. Негизинен моджахеддер, 50 — 60тай төө, ат, качырлар  менен курал-жарак, ок- дарыны Пакистандан Ооганстанга ташышып, кезектеги согушка даярданып жаткан кездерде,  вертолёттор менен келип, аларды туткундап, жүктөрүн алчубуз.

Согуш учурунда өтө кооптуу кездерге кабылган, оор, маанилүү тапшырмалар тууралуу айтып берсеңиз? Мисалы, атактуу Пандшерди ээлеп алган айтылуу Ахмад Шах Масудга каршы чабуулдарга катышсаңыз керек…

— Мен сиз  айтып жаткан Масудка каршы чабуулдардын экөөсүнө катышып, ал отурукташкан атактуу Пандшер капчыгайында болдум. Ал капчыгайды Ахмад Шах биротоло ээлеп алгандыктан,  ага эч ким кирчү эмес. Киргендер, согушуп кирип, согушуп чыгышчу. Ага каршы биринчи чабуул 1980-жылы болуп, капчыгайга канча чакырым кирсек, ошончо чакырым тынымсыз аткылашып, согушуп жүрүп олтурдук. Техника бийик тоого чыга албайт. Бир аяк жол. Моджахеддер бизди кандай да болсо, буктурма уюштуруп, туш тараптан кысып, жок кылганга аракет кылышты. Анткени, бул ыкма алардын бирден-бир көп колдонулган ыкмалардын бири болчу.

Капчыгайдын үстүнөн да авиация техникалары да бир топ чабуул коюп,  көзүнө көрүнгөндүн баарын кыдырата бомбалап, аткылаган учурлар болгон. Себеби, Пандшерде жеке эле Масуддун отряды эле эмес, анын урук-туугандары, ага баш ийгендер, айтор өзүнчө эле бир чоң айыл жашаган десек болот. Ал эми 4-5 чакырым бийиктиктен ким моджахед, ким карапайым адам,  ким кемпир — чал, ким  бала-бакыра дегенди так ажыратуу кыйын да. Ошондуктан авиациянын чабуулунан, далай жаш-карылар кырылып калганын  көрүп эле жүрдүк. Мунун өзү жалпы элдин нааразычылыгын туудуруп, совет жоокерлерине  карата жек көрүүнү жана каршылыкты жаратат эле.  Чынын айтканда, ал кезде карапайым калк жыш жайгашкан айылдарда моджахеддер көп деп ал жакты ракета же катюша менен аткылап, “мына биз талкаладык” деп төш кагуу өтө туура эмес болгон. Себеби, ошол кубаттуу куралдын огунан канча бейкүнөөсүз адамдар көз жумганын жана ага каршы болуп канчалаган карапайым адамдар моджахеддердин катарына кошулуп жатканын эч ким эсепке алган эмес да.   Биз болсо, көп учурда жалгыз аяк жол менен жүрүчүбүз, ким моджахед, ким жаш, кары экенин так ажырата таанып, аларды атпай, моджахеддердин өздөрү менен согушчубуз. Ошондо да, бизди биринчи аткылагандарга жооп кылчубуз.

Пандшердеги чабуулдардан кийин Будда эстелиги (кийин талибдер жардырып салышты) менен аты чыккан Бамиан шаарында да бир катар салгылашууга катышып, ал шаарда жарым жылдай болдум.  Аталган шаарды дагы кийинки мезгилге чейин моджахеддер ээлеп, алар башкаларга үстөмдүк кылып турушчу. Бамианда эки, үч ай турдук. Мына ушул эки жерде  эң маанилүү, эң оор тапшырмаларды аткардык…

Биздин чалгынчылардын тобу ашып кетсе 20дай эле, кээде андан да аз топ болуп чалгындоого чыгып кетчүбүз. Душмандар көрүп калса, “а, булар аз экен, өлтүрөлү, же колго түшүрөлү ” деп артыбыздан билинбей, байкатпай түшүп алышчу. Анткени, моджахеддердин  башчылары өздөрүнүн тобу тарабынан өлтүрүлгөн ар бир совет жоокерлерине, офицерлерине жакшы акча төлөшчү да. Тирүү кармап барса, андан көп акча төлөп берчү. Жакшы чабуулдарга да өтө көп акча төлөшчү. Бул жагынан  АКШ баарынан алдыга чыкты. Өздөрүнүн миллиондогон акчаларына ооган моджахеддеринин ичинен согуш ыкмасына, жаңы үлгүдөгү куралдардын адистигине үйрөтүштү.

Мисалы, Усама Бен Ладенди алалы. Аны деле ошол кезде америкалыктардын ЦРУсу даярдап, укмуш кубаттуу куралдарды кантип колдонуп, кандай учурда атуу керек,  кандай кол салса болот ж.б.  деген толгон – токой согуш маселесине тиешелүү нерселерге үйрөтүшкөн. Бен Ладен дагы шейхтин баласы болгон…

 Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here