15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына 29 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 249у каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны  6 миңдин тегереги.

 — Ооганстанга 1979-жылы декабрь айында согуш жаңы башталган учурда бардык. Бизди Алмата полкуна которушту. Мен ошол полкто десанттык 5-ротага командир  болдум. Ошондо мен 23 жашта болчумун.  Кабулга келгенде  №66 -бригадага туш болдук. Ошол күндөн баштап биз үчүн чыныгы кыйын жашоо башталды. Азыр айрымдар:  “ой, укмуш согушканбыз, баланча душман кырганбыз” деп айтып жатышпайбы, мен ачык айтайын, согушта эрдик көрсөткөн учурлар дайым эле боло бербейт, антип мактанган сөздөрдү, согушка катышпаган, катышса да, чыныгы салгылашты башынан өткөрбөгөн жоокерлер гана айтышат.

Өтө кооптуу учурларды  башыбыздан көп эле өткөрдүк. Мисалы, бир чоң окуяны учкай айтып берейин. 1980 жылы 10-майда  Нангалан деген провинциядагы Бойхара деген шаарчада согуштук операция өткөрө турган болдук. Ар бир ротада 115тен 125ке чейин жоокер боло турган. Биздин ротаны түнкү саат экиде вертолёттор (ар бирине 15ке чейин жоокер) менен чабуул боло турган жерге ташташты. Ал жер Пакистан чек арасына жакын жер,  дарыянын нары жагы Пакистан бери жагы Ооганстан. Биринчи ротаны 7-8 чакырым аралыктагы коктунун жогору жагына, экинчи (Валерий Соловдуку) ротан ылдый жакка жайгашты. Менин ротам болсо ортосунда орун алды. Батальондун башкаруу планы жана миномёттору менде болчу. Таңкы бештерде картаны карап, операцияны баштоону максат кылып: “мурункудай эле самолёттор, танкалар менен талкалайбыз, баары качышат” деген ой менен ишенимдүү келатабыз. Жол жүрүп олтуруп, бизге жакын жердеги Шамун деген шаарчадан өттүк. Бир кезде эле бардык тегеректе моджахеддер жайнап чыга башташты. Саны бизден алда канча көп, 15 метрге чейин каптап жакындап келишип, биздин роталарды бөлүп-бөлүп курчап алышты. Чынында душмандар кайсыл жактан чыга каларын ким билиптир. Себеби, бизде да, биздин үстүбүздөгү  чоңдордо да так маалымат жок болчу. Негизги, маалыматтар Москвадан, Ташкенттен жана Кабулдан келчү.   Ошентип, курчоодон эч жакка чыга албай калдык. ДШК, (БТРде талкалай турган күчтүү курал) снайперлер туш тараптан атылып баштады. Алар чоң таштарга жашынып, улам жакындоонун амалын көрүп жатышты.  Мен өз ротамдан 10дой жоокерди алып, кырдаалдан чыгууга амал издеп баштадым.  Эптеп жогору жактагы бийиктикке чыгып, АГС менен удаа – удаа аткылап жибердик, бир аз качышкан болушат, кайра жакындашат. Ал жерден баары алаканга салгандай көрүнөт, атышуу кинодогудай эле болуп жатат. Биздин жолдун баары бекилген, жердин баарында буктурма коюлган. Ашык аракеттерди кылуу өтө эле кооптуу болуп калды. Ошондой болсо да, жашоо керек да, баарына кайыл болуп, болушунча каршылык көрсөттүк. Бир кезде 1-ротага болгон  чабуул өтө күчөп кетти.  Алар сууга агып, туш келди качып жатышат. Көп өтпөй, кайра бизди артыбыздан курчай башташты. Комбатка: “артиллерия менен авиацияны чакырыш керек” дедим. Бирок авиация чыгышы кыйын. Келген күндө деле душмандар менен биздин ортобуз 20 -40 эле метр, кимисин атат? Артиллериянын келиши да кыйын болчу.

Таң атпай башталган атышуу кечке чейин созулду, жарадарлар, өлгөндөр да көбөйүп баштады. Кабулга кырдаал тууралуу билдирсек, бизге ишенбегендей:  “алар каяктан, кантип эле” деп ишенишпейт, биз жинибиз келип: “келгиле көргүлө, силердин чалгынчылар кандай иштешет, мына 1 -ротаны талкалап салышты” деп ачуубуз менен жооп кайтардык. Эптеп, курчоодон бошонуп, маджохеддердин өзүн артынан курчоого алууну  пландадык. Бирок ал мүдөөбөздү ишке ашыруу кыйын эле. Миномёт менен аталы десек, биздин жашынган жерди дароо билип калышат да, каптап келип плёмоттор менен талкалашмак. Ошон үчүн чоң курал колдоно албай айлабыз кетти. Ушундай ашыкча кыймыл кыла албай турганда, түн кирип, тыптынч болуп калды. Мен курчоодо калган 1-ротанын  аман калган жоокерлерин  алып чыгуу үчүн сержант Алиевди баш кылып, калган жоокерлерди калоосу менен алып, жөнөдүм.  Баары пулёмот, автомат, миналар  менен куралданышкан. “Тирүү колго түшпөгүлө, багынбагыла” деп катуу эскерттим. Талап боюнча бир да жоокер душмандын колуна түшпөшү керек. Жарадар болсо, аны кандай болсо да душмандарга калтырганга болбойт,  мындайча айтканда, өлсөң да, өлүгүн алып чыгып кетүү милдет эле. Калтырып кетсең, дароо сот жообуна тартылчусуң.

Ошентип, башты канжыга байлап, 1-ротта курчоого калган жерге акырын жылып жөнөдүк. Алды жагыбыздан кыйратып эч нерсе көрүнбөйт, тегерек четтин баары эле өлгөн жоокерлердин сөөктөрү. Ал өлүктөр  улам бутка илешип, улам жүрөктү түшүрөт. Чынында корктук, жүрөк лакылдаса да, сыр бербей, эптеп алдыга жөнөй бердик. Паролубуз  “Зет” (1-ротанын командири Сергей Заколодяжный деген  атка жакындаштырып койгонбуз) болчу. “Зет” деп кыйкырсак, анда 1-ротанын тирүү калгандары үн салып, бизди тосуп алышмак. Анткени, аларга мурун радиостанция менен пароль туралуу билдирилген болчу. Биз эки катар менен басып баратабыз, бир кезде ай жарык болуп, алы жагыбыз көрүнө баштады. Бирок ошондой болсо да, 10дой жоокерди жанагынча душман каалаган жеринен тосуп чыгып, бир заматта жок кылып коймок да. Бактыга жараша андай болгон жок. Кыязы, алар кетип калышса керек. Бир аздан кийин, орусча сөгүнүп сүйлөгөн, кыйкырган адамдардын үнүн уктук. Токтоп: “Зет” деп кыйкырсам, эч ким унчукпайт. Акырын жакындап олтуруп, 1-ротаны таанып, жакындап келдик. Үн салсак, эч ким сүйлөбөйт.  Карасак, бирөөнүн куралы бар, бирөөнүкү жок, айтор абдан шок абалында калышканын байкадык. Серёга мени көрүп эле: “Алик, баарынан айрылдык” деп ыйлап жиберди. Болгону ал жерде 17 адам калыптыр… аларды биз куткарып алдык. Аз болсо да тирүү калгандарына сүйүнгөнүбүздөнбү,  айтор  биз да ыйладык, командирге кошулуп.

Ошол жердеги бир көрүнүштү  сөз менен өзүнө кылып айтуу мен үчүн оор. Мындай бир өтө кызык окуяга туш болдук. Жарадарларды чогултуп, куралдарды жыйнап жатсак, жаныбыздан түркмөн улутундагы Караев деген миномётчик бир буту кызыл ашыктан ылдый жок  басып баратат. Биз абдан таңкалып: “Сержант Караев сага эмне болгон, кана бутуң”-деп сурап жиберсек, ал ошондо эсине келгенсип, бутун карап туруп, жыгылып калды. Көрсө,  коркконунан шок абалында бутун ок жулуп кеткенине карабай эле басып  жүрө бериптир…

Кийин, бул операция тууралуу журналисттер гезиттер көп эле жазышты. Өзүм “Московский Комсомолецтин” жазганын окугам. Ал макалда мен жөнүндө да жазышкан экен.

-Ошондо силердин  үч ротадан жалпы канча жоокер курман болду?

-Биздин үч ротадагы жоокерлер баардыгы болуп 360 -370ке жетет эле.  1-ротанын жоготуусу 90го жетти. Менин экинчи ротамдан 12 жоокер курман болуп, 17си жарадар болду. 3-ротадан 6 жоокер каза болуп, 7си жарадар болушкан. Душмандардын деле жоготуусу биздикинен аз болгон жок. Так санын биле албадык, анткени алар түн ичинде өлгөндөрдүн баарын жыйнап кетишиптир.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here