Махабат күнүн белгилеп турсак,
Маңкурттай болуп делдиреп турсак.
Махабат эмне түшүнбөй анан,
Мас болуп алып элжиреп турсак.

Бул күндө сүйүп калкалап турсак,
Бутунан алып талкалап турсак.
Булганган сезим максатка жетип,
Буйдалган сүйүү чампалап турсак.

Мамалак берип, открытка жазсак,
Мамагын эзип, жанында жатсак.
Майрамдын анан эртеси күнү,
Маанайым жок деп алыстап качсак.

Бул күндө барып көрүшүп турсак,
Бул күндү айтып өбүшүп турсак.
Бул күнүң өтүп кеткенден кийин, 
Бүт сүйүү жок деп сөгүшүп турсак.

Теледен берип теминип турсак,
Тентекти сөгүп семирип турсак.
Теңтушу болуп студенттердин,
Тансыга түшүп элирип турсак.

Сүйүү деп жыргап эсирип турсак,
Сандырак өмүр кечирип турсак.
Саамайын сылап сүйөм деп айтып,
Сүйүүнүн баркын кетирип турсак.

Валюта өссө ыйынып турсак,
Вертолёт өтсө жыйынып турсак.
Возможно кыргыз жакшы эле болот,
Валентин сага сыйынып турсак.

Автор: Мирлан Самыйкожо

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here