Сүйүүнүн баркын ким билер

Сүйүүгө жанган дил билер…

Бир күнгө жүрөк байланбайт,

Билсеңер боло жиндилер!

Валеттей басып жүргөндөр,

Валентин күнүн сүйгөндөр,

Жыртылып калба түбөлүк,

Жыртылган жынсы кийгендер!

Ою пастардын жомогу,

Ойлонуп көрчү оболу,

Бир тойгон жарма өңдөнгөн,

Бир күндүк сүйүү болобу?!

Уулусуң кайсы атанын,

Кызысың кайсы апанын?

Католик болсоң «байкуш» — деп,

Кылча да болбойт чатагым.

Көр болбой түшүн ар жагын,

Көрсөң да жаман ардагым.

Бал берип шайтан уулантат,

Бармагың тиштеп калбагын!

Алданба напси биздин жоо,

Алтын баш билип жүрсүн соо.

«Ватсаптан» жибер баарына,

Валентин бизге «никто»!

Автор: Жеңишбек Жумакадыр

https://www.facebook.com/100007219691253/videos/1969925286591442/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here