—Бегиш мырза, Кыргызстандын башка өлкөлөргө берилип кеткен жерлери тууралуу баятадан бери күйүп-бышып айтып жатасыз. Акаевдин учурунда кабыл алынган 1993-жылкы конституцияга Кыргызстандын жери менен байлыгына байланыштуу беренелерди  киргиздиңер беле?

 Акаев өзүнүн мыйзамсыз указы менен  конституцияда жок  Конституциялык кеңешмеге 157 кишини мүчө кылып бекиткен. Аны Конституциялык сот дагы  көз жаздымда калтырган. Ошол 157 кишинин арасында депутаттардан тышкары башка тармактын да өкүлдөрү бар болчу. Бул кеңешменин мүчөлөрү эч кандай укугу болбосо дагы кол көтөрүп добуш берип, 97 беренеден турган 1993-жылы кабыл алынган  мыйзамдуу конституциянын 49 беренесин өзгөртүшкөн. Буларга андай укукту ким берген? Анан мыйзамсыз референдумга чыгарышкан. Ошол мыйзамсыз өзгөртүүнү жалпы элдик референдум менен бекиткен. Биз  конституция мыйзамсыз өзгөртүлгөнүн ошол учурда айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жана бийликке билдирип жаттык. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин мыйзамсыз өзгөртүүнү бийликтеги атка минерлер “мыйзамдуу” деп келе жатышат. Конституциялык сот дагы Кыргызстандын элинен кечирим сурап, мыйзамдуу 1993-жылкы конституцияны да ордуна койгон жок жана мыйзамсыздыкты “мыйзамдуу” деп келе жатат. Ошол конституциянын 2-беренесинин 1-пунктунда: “Государство и его органы служат всему обществу, а не какой-то его части”-деп жазылган. Демек,биздин президенттер, өкмөттөр, парламенттер, конституциялык соттор эл үчүн иштегенби, же өзүнүн элине душмандык кылганбы? Ушул эле берененин 2-пунктунда: “Никакая часть народа, никакое обьединение и никакое лицо не вправе присваивать власть и государстве. Узурпация государственной власти является тягчайшим преступлением”-деп жазылган. Акаев мыйзамсыз Конституциялык кеңешме аркылуу конституцияны бузуп, элдин эмес өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечип алган. Ошол мыйзамсыз конституциянын “куйруктары” ар убакта өзгөрөт. Бирок башкы нерсе болгон жер жана суу сатылбайт дегенди “сатылат” деп өзгөртүп алышкан. Ошонун негизинде Үзөңгү-Кууш Кытайга кеткен. Өзгөндөгү суу сактагыч эмдигиче чечиле элек. Ал эми өтө чоң Камбар-Ата ГЭСи  Кыргызстандын элинин пайдасына эмес, коңшу Өзбекстандын пайдасына чечилгени турат. Ал миң жыл болсо дагы Өзбекстандын менчиги болуп Өзбек мамлекети үчүн иштейт.    Эми ошол 157 кишиден тышкары кийинки депутаттар дагы Өзгөндөгү Кемпир-Абадга жана   Үзөңгү-Куушка  жооп бериши керек экендигин ачык эле айтып коёюн. Анан 1993-жылкы конституцияны жокко чыгарып, 1994-жылы референдумга чыгарган Акаев баш болуп ошол учурда Жогорку Кеңештин ролун аткарган 157 киши акыры жоопкерчиликке тартылышы керек. Андан тышкары алардан кийинки Жогорку Кеңештин баардык чакырылыштарынын депутаттары жооп бериши керек. Ошону менен бирге президенттер дагы, өкмөттөр дагы жооп бериши керек.  Эң негизгиси  мыйзамдуу 1993-жылкы конституция кайрадан мыйзамдуу ордуна келиши керек. Ошентип учурда 1993-жылкы конституциянын бузулгандыгынан улам Өзбекстанга Камбар-Ата ГЭС-1ди  сатуу тууралуу көйгөйлөр чыгып жатат.

—Акаевдин 1993-жылы кабыл алынган конституцияны бузушуна Назарбаев себепкер болгон дешет. Сиз ошол учурдагы депутат катары бул тууралуу жакшы билсеңиз керек?..

 —Назарбаев Каркырага барганда бул жактан жөнөгөн “будущий” кудасы Акаев менен бирге Ж.Сааданбеков үчөө жолугушуптур. Ал жакта үч күн түнөшүптүр. Андан кийин бул жакка келишкенде бизди филармониянын чоң залына алып барышты. Көрсө, Назарбаев “Руханият” ассоциациясынын орденин Акун Токтосартовдон алмак экен. Ал жерден Назарбаевге сөз берилгенде кыргыз менен казактын достук мамилеси тууралуу жарым саат сүйлөдү. Анан бир маалда “Биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин бири-бирибизди колдошубуз керек. Мен силердин 1993-жылкы конституцияңарды дыкаттык менен  окуп чыктым. Аскар сен ал конституция боюнча Англиянын королевасы эле болуп калыпсың. Эми туугандар силер бул конституция менен президенттин бийлигин чектеп коюптурсуңар. Бул киши президент болуп шайланганда жакшы иштерди аткарарын билдирген эле. Эми аткара албай калат да. Буга бийлигин кайра бериш керек. Андан кийин силерге жемиштүү иштеп берет”-дегенден кийин дагы бир топ сөздөрдү айтты. Назарбаев сүйлөп бүткөндөн кийин ага орденди берип кетирип жиберишти. Мына ушинтип коңшу өлкөнүн президенти биздин өлкөнүн конституциясына ачыктан-ачык эле кийлигишкен болчу.

Маектешкен: Нурсултан ШАЙДИНОВ

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here