-Темир байке, буга чейин  «Түнкү кырсыктан» башка дагы качып кеткен президенттер тууралуу автордук  кино тартып жатканыңызды айттыңыз эле. Ал боюнча да маалымат берсеңиз?

—Бул кино автордук деле эмес го дейм. Бул кино өзүбүздүн улуттук көйгөйбүз да. Өлкө ичинде болуп жаткан саясый, экономикалык  окуялар. Калктын кароосуз калган аялуу катмары. Мамлекетке чоң зыян кылып, качып кеткен президенттер жөнүндө дегендей. Кыскасы, өзүмдүн фантазияман жаралган кино. Мына мен ошого толкунданып жатам, эл кандай кабылдайт  болду экен деп.

—Мазмунун кыскача айтсаңыз?

—Качып кеткен президенттердин бири деп коёлу. Ошол адам Кыргызстанга медицина аркылуу жүзүн өзгөртүп алып келет. Паспортун алмаштырат. Бирок паспортун жоготуп жиберет. Мурун жогору жакта жүрүп, ылдый жактын жашоосун билчү эмес да. Паспортун жоготуп жибергенден кийин ылдыйкы катмарга түшүп, бомждар менен жашап калат. Баарын көрөт. Көзү ачылат дегендей. Милицияга барат, камагыла деп. Алар оорулуу экен деп, ооруканага жаткырып коюшат. Ал жактагылар аны көзүнөн таанып, окуя андан ары уланат. Калганын айтпай турайын, көрөрмандарга сыр болуп турсун.  Бул кинодо курч көйгөйлөр айтылды. Мамлекеттин трагедиясы козголду. Азыркы саясий система да сынга алынды.  Дүйнөдө өз мамлекетинен качып кеткен 27 президент бар экен. Ошолордун ар бири өз мекенине кайтып келгиси келет да, туурабы? Өз жерине келип, өлгүсү келет. Мына ошолордун тагдыры жөнүндө. Бул кино бир эле качкын президентке эмес, бардык качкын президенттерге тиешелүү десек да болот. Кыскасы, бир эле президентке байлаган туура эмес, бардык качып жүргөн президенттерге арналды десек болот.

—Сиз айтпасаңыз деле, коомчулук бул кинону  өзүңүздүн “Белгисиз маршрут” киносунун уландысы катары кабылдашы мүмкүн экен да. Буга чейин, “Саткындын мекени болбойт ” – деп атасаңыз, эми “Кош келиңиз,  Президент мырза!” – деп атапсыз. Аталышы, комедия жанрынан кабар берип тургандай…

—Туура, “Белгисиз маршрут” киносунда да улуттук маселе козголгон да, бул кинодо да ошондой эле чоң көйгөй, мамлекеттин тагдыры козголду. Мен сезип атам, ишенем, бул кинону көргөн адамдардын басымдуу бөлүгү канааттанат. Анткени, ошол президентти өздөрү бомж кылып жатышкандай сезиши мүмкүн. “Ушуну көрмөк” дегенсипчи.

“Саткындын мекени болбойт!” – деген аталыштын өзү оор тема экенинен, психологиялык драмадан кабар берип турат эле. Ал аталыш катуу, оор болуп калды. Жеңилдетип, атын өзгөрттүк. Чынында бул кинодо трагедия да, анча-мынча комедия да бар. Калганын эл өзү баалап алат.

Сүрөт: «Кош келеңиз, президент мырза!» тасмасынан…

—Бул кинодо кайсы актёрлор тартылды? Бюджет маселеси кандай болду жана качан чоң экранга чыгат?

—Сценарийди абдан бышырып жазганга 2 жылдан ашык убакыт кетти. Анан баш каарманга ылайыктуу актёр таба албай, көпкө жүрүп калдым. Акыры эсиме түштү. Окуп жүргөнүмдө, жаңылбасам, 1992-жылдары Нарын драм театрынан бир актёрду көргөн элем. Ошол актёр ылайык келет деп чечтик.  Ал Токон Арзыгулов деген профессионал актёр. Илгери Жумгалдан  “Бекбекей” ансамблинде иштеген, кийин Нарынга театрга келип  иштеп калган. Менимче, ал киши жакшы ойноп берди, көрармандардын купулуна да толот деп ойлойм. Андан башка, Мурат Мамбетов, Эгемберди Чалабаев, Мырзалиева Сайра, Аскат Сулайманов, Бакыт Мукул, Таалай Касымалиев деген мыкты актёрлорубуз берилип жакшы ойноп беришти. Кино, негизинен Бишкекте калган бир аз эпизоддорун Ысык-Көлдөн тарттык.  Ал эми каражат маселеси боюнча да жардам беребиз дегендер болду. Бирок сценарийди уккандан  кийин, ар кайсы шылтоону айтып, айнып кетип жатышты. Же сценарийди өзгөртүү талаптарын коюшту. Айрым актёрлорго да роль сунуштасам, алар да ар кандай шылтоолорду айтып, ойт берип кеткен учурлар болду. Ошондон кийин, өзүмдүн “Тазар” кинокомпаниямдын чогулткан акчасына, өзүмдүн чогулткан акчама, баягы эле өзүмдүн гурппам менен тартып баштадык. Операторум  Кабылжан Хамидов, сүрөтчүсү Байыш Исманов, музыкасын Асылбек Өзүбеков жазды. Бюджети чоң эмес, чакан эле. Азыркыга чейин бир аз карыздарым бар. Буюрса, кутулабыз.

Сүрөт: «Кош келиңиз, президент мырза!» тасмасынан…

—Кинофестивалдарга катыштырасызбы?

—Жок, азырынча андай деле оюм жок. Балким сунуш түшүп калса, катыштырып көрөбүз.Бирок фестиваль үчүн деле тарткан жокпуз. Негизи бул кино эл үчүн да. Кудай буюрса, 15 –мартта Манас кино театрында бет ачарын кылабыз. Анан бүт республика боюнча кинотеатрларга коёбуз. Азыр бул прокат жагы менен, жарнак маселеси менен  балдар иштеп жатат. Бул жагы да өзүнчө искусство экен. Сага окшогон журналисттер аркылуу элге жеткиргенге аракет кылам. Соц баракчадан жарнамалайбыз.  А, негизи жарнама кылганга акча жок.  Чынында менин бул жагына жөндөмүм жок экен. Ошон үчүн колунан келген балдар алек болуп баштады.  Байкап көрсөк, бул кинону 16-18 жаштагы балдарга оор кабылдашы мүмкүн. Неге дегенде алар, мурунку президенттерди жакшы билбейт, алардын тийгизген кедергисин тарткан жок. Менимче, 25 жаштан жогорку адамдар жакшы кабылдашат го. Эми мунун баарын убакыт көрсөтөөр.  Дагы бир нерсени айта кетейин, бул кинодон кийин мага ар кандай сындар айтылат го. Менин позиция карапайым калктын таламын талашуу да. Албетте, “ач бала, ток баланы сүйбөйт” дегендер, жактырбагандар да чыгышы мүмкүн.

Сүрөт: «Кош келиңиз, президент мырза!» тасмасынан…

Качкын президеттердин жан-жөкөрлөрү көп да. Алардын айрымдары да уурдап-тоноп коюшуп, мекенинен качып жүрүшөт. Аттарын баарын билебиз, мурунку министрлер, депутаттар дегендей. Кыскасы, бул киноңузду азыркы чиновниктердин баарына көрсөтсө жакшы болчудай. Аларга сабак болчу, аларды ойлонтчу кино болгондой. Бул жагын ойлонуп жатасызбы?

—Эми кинонун бет ачарына баарын чакырабыз. Канчасы келет, аны убакыт көрсөтөт да. Өзүң айткандай, бул кинодон өзүнө пайдалуу жактарын алса болот. Ак үйдө деле кино көрө турган зал болсо, уруксат берсе, ал жактан деле көрсөтүп бере алабыз. Бирок алар деле бир-эки   саат убактыларын бөлүп, эл катары эле кино театрга келип көрүшсө болмок, уялышпай эле. Жөө жүргөндөн, эл аралагандану уялбай  элечи.

—Сиз эми 30 жылдай убакыттан бери калыптанып келаткан саясый системаны жактырбагандан улам да ушундай тематикадагы кинолорду тартып жатасыз деп айтсак туура болобу?

—Бир четинен алганда ошондой десе болот. Ошол 30 жылдан берки саясый системабыз мамлекетти өнүктүрбөсө,  өстүрбөсө, аны ким жактырат? Тескерисинче, билинбеген  менен көп тармактарды артка тартып, сазга батырчусун батырып жатат.  Демократия деп кыйкырып чыгып, өзүбүзгө, улуттук менталитетке жарашпаган эле чапанды кийип алгандай болдук. Элдик курултай деген башкаруу институту жакшы эле. Бирок аны дагы жакшылап иштеп, бекемдеп чыкса, бизге жакшы башкаруу  системасы болуп калат беле дейм да. Маселен, Президент элге бир жылда бир чоң отчёт берип турса. Негизи бул система менен көпкө чейин узай албайбыз го. Кайра, кайра эле нааразычылыктар боло берет. Баары бир бул система өзгөрүлмөйүн өнүгүү болбой калды го. Себеби, мамлекеттин башкаруучулардын, көп чиновниктердин деңгээли барган сайын эле төмөндөп баратат. Аларга караганда элдин деңгээли өсүп, талапты катуу коюп баштады. Бул бизде эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ушундай болуп калды. Бизде толгон-токой көйгөй бар. Аларды депутаттар айтып эле жатышат. Бирок айткан менен ал көйгөйлөрдү, коррупциялык схемаларды жоё турган механизм жок. Андай механизмди иштете  турган болсо ошол эле атка минерлер коррупциялык иштерди жасай албай, уурдай албай калышат. Ошон үчүн бул маселеде өздөрүнүн да кызыкчылыгы бар.

Бизге 120 депутат өтө көптүк кылат. Мен мыкты деген юристтерден 30 -40 адамды депутат кылып шайлап койсок, ошолор мыкты мыйзам жазышса, бизге жетет эле деп айтат элем. Кээ бир саясатчылар айтышы мүмкүн, “Режиссёр эмнени билет эле, айта берет” деп. Антип ойлосо, жаңылат. Режиссёр- бул чоң саясатчы! Анткени, кайсы багыт боюнча , же кайсы бир адам жөнүндө кино тартууга киришсе, ошону такыр иликтеп, ийне-жибине чейинки маалыматтарды чогултат. Андай маалыматтарды саясатчылар чогулта да алышпайт.

Көзү ачыктык кылып коёюн. Балким, сиздин ушундай саясый темада айткан ой-толгоолоруңуз кийинки кино долбоорлоруңузда чагылдырылып калабы?

—Балким. Эми аны азырыча айтуу кыйын.

—Темир байке, алдыда элге тартуулай турган  “Кош келиңиз, мырза Президент!” деп аталган киноңуздун  жолу шыдыр болуп, чоң-чоң ийгиликтерди багынтсын. Сизге чыгармачылык эргүү каалайбыз!

—Чоң рахмат!

Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

«Кош келиңиз, президент мырза!» кино тасмасынын сүрөттөрү:

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here