Белгилүү обончу, композитор, патриоттук ырларды жазган чыгармачыл инсан Догдурбек  Урманбетовдун чүрөктөй болгон, назик үндүү, нур жүздүү Лира аттуу кызы бар. Лиранын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, жашоого болгон ой чабыты туурасында баарлашып кайттык.

“Атам абдан жөнөкөй, жумшак, адамкерчиликтүү, чындыкты сүйгөн адам”

—Апакем абдан жөнөкөй, шайыр, мээримдүү, сезимтал руханий байлыкка кызыккан адам. Кесиби боюнча мугалим. Үйдүн кутун кармап турган  жөлөгүбүз! Кээде  «Серый кардинал» — деп тамашалап калабыз. Атам болсо абдан жөнөкөй, жумшак, адамкерчиликтүү, чындыкты сүйгөн адам. Ал патриоттук ырлардын атасы десем да жаңылышпайм. Көптөгөн патриоттук сезимди ойготкон чыгармалары бар. Кыргыз элим, Кыргызстаным деп гана ар дайым айтып жүрөт! Кыргызстанда эң  эле көп патриоттук ырларды жазган атам Догдурбай Урмамбетов. Ал «Рух Казына» коомдук бирикмесинин президенти. Кыргызстан Композиторлор Союзунун мүчөсү. Обончу – композитор, аткаруучу, вертуоз – аккордеонист. Жылдын мыкты ырынын катарына «Саякбай манасчы» аттуу ыры кирди.  «Ала – Тоо кыргыз жери», «Мекеним», «Мекен жер» ж.б. патриоттук ырлары көп. Ошондой эле «Жети-Өгүз» районунун «Ардактуу атуулу» наамын (медаль)  жана бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «Ала-Тоо мырзасы» медалын алды. Өкмөт ыйгарган «Ардак грамотага» ээ болду. Андан тышкары былтыркы Италиядагы Кастельфидардо шаарында өткөн 42 — эл аралык аккордеонисттердин “Фисгармоника-2017” аттуу фестивалына  чакыруу баракчасын алып, Дипломант болуп келди. Ал кыргыз элинин залкар комузчуларынын күүлөрүн жана өзү  чыгарган чыгармаларын аккордеондо ойноп, көпчүлүгүн тамшандырды.

“Шөкүлө жасап коллекциямды чыгардым”

—Шөкүлө кыргыз элине таандык салттуу баш кийим болгондуктан “Шөкүлө» — конус формасында тигилген кыргыздын кыз-келиндеринин элдик баш кийими. Өтө кооз, аны турмуш жолуна  аттанган кыз ата-энесинин төрүнөн кийип чыгат. Өзүм жасап чыккан шөкүлөлөрдү  «Design By Lira Seven» линияма караштуу жаӊыча дизайндары менен заманбапка ылайыкташтырып жасап, тигип чыктым. Быйыл өткөн «Fashion week» ачылышына, моделдер кийип чыккан көйнөктөр жана «Шөкүлө» коллекциям менен катышып калганга үлгүрдүм. Андан тышкары  бир топ телеканалдарда дагы  моделдер менен көргөзмө  өткөрдүм. Илгери бул баш кийимди кыргыз кыздар гана кийген болсо, келечекте бүткүл дүйнө сулуулары кийсе экен деген тилегим бар. Ошондо бүткүл дүйнө эли  Кыргызстандан чыккан укмуш баш кийимдер деп билсе кандай сонун. Кыргызстанды даңазалап туруу бул менин милдетим. Суйкайган сулуу бийкечтер андан да сулуу болуп чыга келишсе, кандай укмуш болоор эле. «Сулуулук дүйнөнү  сактайт» — деп бекеринен айтылбаса керек. Ушул демилгени быйыл көтөрүп чыктым! Бул дагы кымындай болсо дагы, эли-жериме болгон кызматым, патриоттуулугум!

“Дайыма жандуу ырдайм”

—Жан дүйнөмдү  эргиткен, чын жүрөктөн чыккан обондорду созуп ырдап калуу бул өзүнчө бир чоӊ ырахат! Дайыма жандуу ырдайм. Азыркы жетишкендиктерим аз деп эсептейм, андыктан талыкпай эмгектенип, чыгармачылыгымды өркүндөтүүгө аракет жумшайм.

“Үй-бүлө куруу туурасында…”

—Турмуш сапарына аттангандан аз өтпөй эле, кайра ажырашуулар көбөйүп баратат.  Эркектер кызганмайынча тура албайт, өзүмчүл келет! Оңчулуктуу үйлөнүп жыргап жашап жаткан үй-бүлө  көргөн жокмун. Менин оюмча биздин ата-энелерден чыныгы  үй-бүлө кандай болуш экендигин байкап үйрөнсөк болот. Мисалы менин ата -энем! «Бир жолу күйөөгө, сүйгөнүңө  чыктыңбы, бүттү  ошол жарың  менен түбөлүк  жаша деген урааны менен ушу күнгө  чейин жашап келишет». Ошондуктан канымда бар да, апамды тарткам, эгер кимдир бирөөнү сүйүп калсам, түбөлүк  жашаганга аракет кылам, өзүмдү жалгыз гана ак никелүү  күйөөмө  арнайм! Азырынча мага жар болчу адамды кезиктире элекмин. Көп жерде жүрүп, көп адам менен аралашып калгандыктанбы, психолог да боло баштадым, сүйүүсүн арнап, таттуу сүйлөгөн адамдардын оюн көз карашынан эле түшүнүп калам. Алар убактылуу нерсени, ойноп-күлүүнү каалагандар, ал эми мени мындай нерселер таптакыр кызыктырбайт, убактылуу кумарга алданчу кыз эмесмин. Анын үстүнө кечкисин кафе-ресторандарда, жана ошондой эле чоң  концерт, берип жаткан учурда байкап көрсөм улгайган эле адамдардын жаш кыздар менен эс алып жүргөнүн көрүп, мырзалардын бул кылгандарына ирээнжийм.

“Үлпөт тоюм болчу күн да келет!”

—Бул эми негизи менин жашоом да, дүйнөгө  бир жолу келип жаткандан кийин шашып күйөөгө чыкпай калам деп бир болбогон жигитке чыгып алып өмүр мою кыйналгым келбейт, а «с кем поведешься того и наберешся», андан көрө  тийбей койгонум оң. Ошондуктан, туура адамга тийгенге аракет кылам, сүйгөн адамга күйөөгө  чыккым келет. Кудайдын мандайыма жазганын көрө  жатармын. Убакыт көргөзөт. Үмүт менен жашайм. Бир күнү Үлпөт тоюм болчу күн да келет!

 Суроо салган Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here