Абалың кандай, адамзат?

Мындан 5 жыл мурда Караколдо туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу жашоочу жай ачылган. Ар жылы бош калбай, “жашоочулар” менен толуп турган жай 20 адамга ылайыкталганы менен, быйыл ага баш калкалагандардын саны жылдагыдан ала канча көп.

Мында үй-жайсыз адамдар жылуу, жумшак жатып эс алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Кроваттар, матрац, төшөнчү, шейшеп, паластар, жуунуп алгыдай жер, эң башкысы-кылычын көтөргөн кышта сууктан коргонуп калууга шарт түзүлгөн. Келгендерди жуунтуп, кийимин которушат.

Аталган “Үмүт” убактылуу жашоо борбору социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын каржылоосунда КРнын мыйзамына ылайык уюшулган. Учурда Каракол шаардык мэриясы аталган борбордун кызматкерлеринин маянасын чечсе, “Каракол борбору” өкмөттүк эмес уюму мында келгендерди ысык тамак менен камсыздайт. Ал эми, башка маселелер Кызыл ай коомунун милдетине кирет. Ошондой эле, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери анамалдуу суукта туруктуу жашаган жери жок адамдар тоңуп калбасы үчүн бир катар рейддерди өткөрүп, көчөдө калган адамдарды бул жерге жеткирүү иши менен алектенүүдө. Мында ар бир адамдын өздүгү такталып, туугандары изделип, кайрадан турмушка аралаштыруу жагы да каралган.

Кыргыз Республикасынын улуттук Кызыл Ай коомунун Ысык-Көл областы боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Ж.Кадыралиева бул жылы кайрылгандардын саны көп болгондуктан, анын мөөнөтүн узартуу жагы да каралса деп билдирди. “Бул үй негизи февралдын аягына чейин каржыланган. Биз аны марттын 15терине чейин кандайдыр бир жол менен кармап турсак деп ойлоп жатабыз. Былтыр биз борборду март айында жапканда, 10дорунда катуу суук болуп, экөө каза болуп калган. Ошондуктан, мэрия анын мөөнөтөн узартуу үчүн каржылоо жагын колдоп берсе болот эле”,- дейт ал.

—Кезегинде үй-бүлөм да бар эле. Азыр аялым,балдар-кыздарым мени жакын жолотпойт,- дейт үй-жайсыздардын арасында турган адам. 10 жылдан бери ар кимдин ишин жасап күн кечирет экен. “Балдарыма жардам сурап барсам, киши катары эсептебейт, ал тургай үйгө киргизбейт. Жакшы эле турмуш кечирип жүргөм, наша тартат деп түрмөгө олтуруп калып, баш-аягы 7-8 жыл жатып чыктым. Колуман бардык иш келет, жалданып иштеп, ар кандай жумуштарды жасадым”- дейт ал.

Мында 15 күндөн бери жашап жаткан Исабек Бугучиев болсо буга чейин малчы болуп жалданып келген экен. Иш берүүчү адам үйүнөн чыгарып салгандан бери мында баш калкалап жатат. “Азыр  мен барып, шыпыргыга тал кесип, аны сатып, тамеккиге тыйын табам. Анан келип, тыпыйып жатып алам”,-деди.

Сууктун күч алышы менен бул жерде адамдар да көбөйгөн. Быйыл ага Каракол шаардык казынадан 82 миң сом бөлүнгөнүн Каракол шаарынын мэринин орун басары Гүлназ Орозова маалымдады. Анын айтымында, социалдык иликтөөлөр жүргөндө, үй-жайсыз адамдардын 99 пайызы караколдуктар эмес болуп чыккан. Алар мында чоң базар, мекемелер, баш калкалагыдай жерлер бар деп гана келишет экен.

Мында келгендердин тагдырлары ар түрдүү. Кай бири өзү жөнүндө маалымат бергиси келбесе, кээси өмүр таржымалын ачык эле айтып берет. Кай бири көбүртүп-жабыртып жибермейи да бар. Караколдо азыр үй-жайсыз 25-30 адам бар деп айтылып келген менен, кыштын каардуу күндөрү бул жерге кайрылып кеткендердин жалпы саны 90го чыгып кеткен. Улам бири келип, бири кетип жатып ушунча болгон. Болбосо, алардын ар бири жашаган жана жан баккан өзүнө тиешелүү жер бар. Кээси люктарга кирип, көп кабаттуу үйлөрдү жылытуучу трубалардын үстүнө жатышса, кай бири далдоо жер таап, алдына бир нече каробкаларды төшөп, үстүнө бирин жаап жатып алышат. Алар жан сактоону да ар түрдүүчө жүргүзүп, кай бири тилемчилик менен күн кечирсе, кээси бөтөлкө чогултуп, аны өткөрүү менен алектенет. Ошентип, курсакка бир нерсе барат.

Мындай тагдырга тушуккандардын көбү ичкиликке берилип кетет. Андыктан ар бир жылы кыш чилдесинде ичип, көчөдө калып, буту колун үшүткөндөр көбөйөт. Ошентип, эмгекке жарамы жок, майыптар пайда болот. Кээси тоңуп өлүп да калат.

Татаал тагдырга тушуккандарга ким көңүл бөлүшү керек? Албетте, мамлекет. Анан ага коомчулук да кол сунушу кажет. Алар медициналык же психологиялык жардам алмак түгүл, курсагы тоюп ысык тамак ичкен эмес. Андыктан, албетте, алар жашоосун өзгөртүүнү самашат. Бирок, бир жаман жери-көбү адамдык касиетти жоготкон, уялуу, тартынууну унуткан. Бул-биздин коомдун трагедиясы!

Ушул жерде күн кечирген Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылынын тургуну 70 жаштагы Василий Бедшадский бутун суукка алдырып ийген экен. “Менин жалгыз балам бар. Ал азыр Германияда жашайт. Өзүм карындашымдыкында турчумун. Алар турак үйүн сатып жиберишкенде, талаада калдым. Караколго келип, кайыр сурап, бир аз тамак-аштык тыйын таап алайын деген ой менен жолго чыккам. Суукка туруштук берейин деп ичип алгам. Анан жолго уктап калыптырмын. Ойгонсом, буту-колум тоңуп калыптыр. Мени милиция кызматкерлери бул жерге алып келишти, бул жердегилер ооруканага алып барышты”,-деп билдирди.

Көрсө, Василий 30 жыл түрмөдө жатып чыккан экен. Ал арада анын жакындары Россияга көчүп кетишип, түрмөдөн чыккан ал Теплоключенкодогу карындашын таба албай калган. Аталган борбордогу тартип боюнча аны жуундуралы дегенде, анын буту үшүп кеткени байкалган. Анын бутунда жайкы бут кийим, байпак ордуна чүпөрөк оролгон эле…

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here