Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков:

“Уюшкан кылмыштуу чөйрөдө чоң акча агымы тартип коргоо жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо мүмкүн эмес. Мындай топтор маңзат транзитин жана товарлардын аткезчилигин тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт» деп айтты.

Ошондой эле, Жээнбеков: «Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү жүрбөй жатканынын негизги себеби – коррупция.» — деп кошомчалган.

Чынында эле бизде уюшкан кылмыштуу топ менен кызматташкан, же ошол чөйрөнүн өкүлү болуп жүргөн айрым бир атка минерлер бар. алар парламентте жана аткаруу бийликтеринде олтурганын коомчулук жакшы билет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here