Өткөн ишембиде  UFC турниринде Бразилялык спортчу  Присцила Кечоейра Кыргызстандык  Валентина Шевченко  таймашка чыгып, жыйынтыгында Шевченко жеңишке жетишкен. Ошол UFC Fight Night 125 мелдешинен кийин Присцила Кечоейра таймаштан алган жаракатынан улам операцияга даярданып жатат. Бул тууралуу Спутник кж жазды.

Ошондой эле спортчунун менеджери Окамура  Кечоейраны таймаштын башында эле оң тизесин жабыркатып алганын айткан.

«Присциланын тизе тарамышы, сөөктөгү катуу жабыркаптыр. Анысын башында аңдаган эмеспиз. Кийин дарыгерлер карап чыккандан кийин операция керектиги билинди», — деди Окамура.

Макалада айтылгандай, бразилиялык спортчу быйыл октагонго чыкпайт. Бул үчүн таймаштын калысы Марио Ямасаки беттешүүнү убагында токтотуп койбогондугу үчүн коомчулук жана UFC жетекчиси Дана Уайт тарабынан сынга алынды.

Мындан тышкары, Шевченконун бул  таймашта алга гонарары да белгилүү болду. Беттешке чыкканы үчүн 18 миң доллар, жеңгени үчүн 18 миң доллар, мыкты беттеш тартуулаганы  үчүн  50 миң доллар жана Реебок команиясын жарнамалаганы үчүн 5 миң доллар. Баарын кошкондо 91 миң доллар алаганы айтылууда.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here