1-Бөлүм: 2-Бөлүм: 3-Бөлүм; 4-Бөлүм; 5-Бөлүм; 6-Бөлүм;   7-бөлүм,  8-бөлүм;  9-бөлүм

—Сен кайын атаңа куран окуп жүр. Куран жаттап, үйрөнүп ал. Сенин кимден чоочуп, мынча азапка тартып жатканыңды мен эми билдим. Кызым, арбактар ыраазы болмоюнча, тирүүнүн иши жүрүшпөйт – деп сөз сүйлөп жатканда жаныбыздан чубаган эл суюлуп,  эң артта келаткан эки жигиттин биздин тушка жеткенде токтой калганын көз кырымдан байкап турдум. Аксакал аларды карап:

—Балдар алаксыбай жолуңарды улай бергиле. Боз үйгө эртерээк  барып куран түшүрсөңөр, жаңы эле жерге берген тууганыңарга ошончо жакшы болот – деди.

Аксакал сүйлөп жаткан учурда тиги эки жигиттин бирине көзүм кадала түштү. Алардын бири, менден көзүн албай,  эси ооп жатканы Данияр эле…

Мен аны дааналап көрдүм, абдан жакшы тааныдым. Ал тургай бир аз апкаарый да түштүм. Ал да менин абалымдай абалда болду көрүнөт. Менин мындай ыңгайсыздыгымды аксакал байкап турганы мага сезилип жатты. Бирок эмне деп айтат элем, унчукпадым. Данияр да бир азга мени жалооруй тиктеп, айласыздан басып кеткендей туюлду. Аксакал мени карап:

—Ал жигит сенин таанышың турбайбы. Жөн эле таанышың эмес, жакының турбайбы. Мага эми сага катылган сырдын жандырмагы жана баштады окшойт- деди.

Мен анын бул суроолуу сөздөрүн дагы да жоопсуз калтырууну ойлоп, бул жерден эртелеп кетким келип турду.

Ал менин ойлорумду окуп жаткандай:

—Шашылбай кызым, жалпы арбактарга өзүнчө куран багыштап коёлу. Анан сени үйүңө жеткирип коёбуз- деди.

Макул болбоско аргам да жок эле…

Аксакал жолдо келатканда тынбай сүйлөп келди. Мен уктаган баламды колума алып, бир таң калып, бир кызыгып угуп келдим.

—Менин атымды деле билбесең керек, кызым. Мени элдин баары тамырчы Олжобек деп коюшат. Жашым жетимиш үчкө келди. 40 жылдан бери эл дарылайм. Менин колумдан көп адамдар сакайды. Жайкысын эң бийик тоолорду кыдырып, ар кандай чөптөрдөн, чөптөрдүн тамырынан дартка даба түрдүү дарыларды жасайм. Мен кайсы бир адамдын дабасын көрсөм, анын жан-дүйнөсүнө, денесине отурукташып алган ал ооруну кубалап чыкмайын жаным жай албайт. Сенин ооруң кайсы бир дене-мүчөңдүн деле оорусу эмес, жан дүйнө оорусу. Көптөгөн дене-мүчө ооруларын айыктырууга болот. Ал эми жан дүйнө ооруларынын баары эле айыга бербейт. Анткени андай оорулар жүрөктүн толтосуна, сезимдин сересине сиңип калат.

Аксакал сүйлөп жатканда, мен капыстан анын сөзүн бузуп:

—Сиздин көзүңүз да ачыкпы?- деп сурап ийдим. Бул суроомо баягы ооруканага жаткандан бери толук жооп алгым келип жүргөн.

—Жок, кызым. Мен тамырчымын. Тамыр аркылуу адамдардын тагдырындагы анча-мынча окуяларды биле алам десем болот. Бул касиет менин 7 атамдан калган. Ал эми көзү ачык деген башка. Чынында көзү ачыктык кылуу динге каршы иш. Баарын бир гана Алла билет, Алла көрүп турат. Биз анын алдында алсыз пендебиз.Кызым, сен менден чоочуба. Мен сага пайда ган келтирем. Сен куран жаттап алып, кайын атаңа багыштап куран окуп жүр. Үй-бүлөңө, күйөөңө дилиңди бер. Өткөн турмушуңду көп ойлобо. Сен өткөн турмушуңду канчалык ойлосоң, ал сени ошончолук түнт кылып, азгырат. Сен кыйналып, азап чексең мага тартынбай кайрыл кызым. Сенин мындай туңгуюк абалдан чыкканыңды көрмөйүнчө менин да жаным жай албас…

***

Үйгө түш оогондо келдим. Апам сарсанаа болуп, бизди карап улам, эшикке кирип чыгып жатыптыр. Дарбазадан кирип келгенимде, чоочуп:

—Ботом, барсыңбы? Кайда жүрдүң? Бала менен да ушунча жоголосуңбу? – деп дембе-дем суроолорду узатып ийди.

—Апа, кечирип коюңуз. Ушундай бир иш болуп калды. Сизге айтпай калдым. Баары жайында.

Андан башка сөз сүйлөбөй үйгө кирип кеттим. Апам дале түшүнүп-түшүнбөгөн, таңыркаган абалда менин ээрчий басты.

Эки-үч күн бою кайын энем менен сүйлөшкөн деле жокмун. Ал да мага мурункудай көп сүйлөбөй, түнт абалда жүрдү. Үчүнчү күн дегенде, кайын энем туугандарыныкына айылчылап кетти. Мен үйдө жата берип, бук болуп кеттим. Баламды да сергитип, сейилдетким келди. Апамды узатып жибергенден кийин, өзүм  да бир аз жасанып алып, Бактыбегимди алып, баягы барып жүрчү паркка жөнөдүм.

Паркта аба таза. Барган сайын кадимкидей кошумча дем алуу органдарың ачыла түшкөндөй,  көңүлүң көтөрүлүп, бир башкача сергий түшөсүң. Бирок бир жаман жери эл көп. Бирок ким менен кимдин иши бар десеңиз. Азыр жашоонун түйшүгүнөн, көр оокаттын айынан адамдар бири-биринен алыстап бараткансыйт. Ал тургай туугандар деле мурункудай өтө жакын болбой, жамандык-жакшылык, же кандайдыр бир иш-чараларда эле жолугуп бараткандай сезилет. Ким билет эми, кимге кандай? Айтор мага ушундай сезилип калды. Паркта баламды көтөрүп алып, бир топко бастым. Балама да  бул жер абдан жагып тургандай. Уктаар маалы келсе да, көздөрүн чекчейтип, уктай тургандан кабар бербейт. Паркты бир эмес, эки-үч ирет айланып басып келген соң, орундуктарга олтуруп эс алуу үчүн чет жакта жалгыз адам олтурган орундукка барып олтурдум. Мен ал кишиге дел көңүл бурган эмесмин. Мен олтурганда эле ал:

—Ой, сенсиңби, Асылзат! Кандай күтүлбөгөн жолугушуу. Мен, мен – деп ал андан ары сөзүн үзүп, колумдагы баланы тиктей түштү.

Мен болсо, кайрадан таң калып…

(Уландысы бар)

 Залкар Заманбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here