Жалал-Абаддагы Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү турак үйдөн 3 адамдын жансыз денеси табылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алар бүгүн, 5-февралда эртең менен истүү газга ууланып көз жумган.
Маркумдардын өздүгү такталып, 1953-жылы туулган К.Ж., 1966-жылы туулган А.С. жана 1960-жылы туулган К.Г. экени аныкталды. Денелер өлүк сактоочу жайга жеткирилип, окуяга байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, үй ээсинин 1988-жылы туулган кызы ата-энесинен кабар алуу максатында үйүнө барган. Үйдү эч ким ачпай койгондуктан ал кошуларынын жардамы менен эшикти ачып кирген.
Үйдүн ичинде газдын жыты бар экендигин сезишкен жана мештин түтүгүнүн уланган жери ачык калгандыгын көрүшкөн.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, каза болгон атуулдардын денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Каза болгон атуулдардын туугандары эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.
http://www.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here