Чагылган: Береги тасма аз күн мурун казактардын бир катар сайтына жарыяланып, кызуу талкууга алынган. Казак коомчулугу мындай кинону тарткан казак режиссёрун жектеп, укмуш сынга алышкан. Көрүп олтурсаң, казак режиссёру мындай кадр менен жаңылык киргизгиси келсе керек. Жаңылыгы жерге кирсин. Мындай ат үстүндөгү «айкашуу» адаттан тыш көрүнүш эмеспи. Анан калса, ошол кинодо эркектин ролун кадимки элибиздин белгилүү актёру,  «Кожожаш» тасмасында, «Кожожаштын» ролун ойногон, КРнын эмгек сиңирген артисти Доктурбек Кыдыралиев аткарса, аялдын ролун  музыка дүйнөсүнүн айтылуу алпы Асанкан Жумакматовдун небереси Эрке Жумакматова ойноптур. Кыязы, мындай ат үстүндөгү ачык эпизоддор бар киного тартылуудан казак актёрлору баш тартышса керек. Анда эмне, аттуу-баштуу эле  актёрубуз менен актрисабыз элден уялышпайбы. Же көп акча төлөп берсе, макул болушканбы? Чынында мындай ачык кадрлар кыргызга да, казакка да аброй алып келбейт. Неге дегенде эки тууган элдин менталитетине эч туура келбеси маалым.

Маалымат катары, айта кетсек, Кыдыралиев казактардын  «Кош бол, Гүлсарат» баштаган 15-20дай киносуна тартылып, казак коомчулугуна да кеңири таанымал. Ал эми төмөндөгү тасманы көрүп өз бааңызды бериңиз:

Автор: Урмат Кабылбеков

казактар киносунда "ысык" кадр. аткаруучулар кыргыз актёр, кыргыз актрисасы

Опубликовано Чагылганом Чагылгановичем Воскресенье, 4 февраля 2018 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here