Чагылган: 10 жылдан бери эл мүдөөсүн көздөп, элдик  партияга айланган «Замандаш» партиясы калктын калың катмары колдой турган иштер менен алек болууну улантууда. Бул ирет аталган партиянын Жаштар комитетинин мүчөлөрү Бишкектеги Карылар үйүнүн бирине барып, ал жакта өлбөстүн күнүн кечирип жатышкан аталар, апалар менен жолугуп, ал ахыбалдарын сурап, бир аз болсо да көңүлдөрүн көтөрүшүп келишти. Кур кол барбай, аздыр-көптүр белек-бечкектерин ала барышып,  жардамдарын көрсөтүштү.

«Акыл жаштан» демекчи,  «Иш десе, ишке, аш десе, ашка тойбой» турган жаш «замандашчылар», Карылар үйүнө минтип жөн эле барып эле кетип калбай, жалпы коомчулукту, мамлекет башчыларын, Жогорку Кеңештин депутаттарын ойлонто турган, айтор ар бир адам кайдыгер карабай турган чоң маселени козгошуптур. Атап айтканда алар: Улгайган, ден-солугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энесин багуудан баш тарткан жаранды 3 жылга эркинен ажыратуу, ошондой эле: ата -энесин багуудан баш тарткан мамлекеттик кызматкерлерди өмүр бою эркинен кызматтан четтеп, жоопко тартуу мыйзамын кабыл алууну Жогорку Кеңештин депутаттарына төмөндөгү тасма аркылуу жолдошту. Албетте, бул кайдыгер карабай турган сунуш. Эске сала кетсек, мындай мыйзам жакында эле Тажикстанда  кабыл алынган. Эми ЖК депутаттары  «Замандашчылардын» ушул заманда зарыл болуп турган мындай актуалдуу сунушун колдошобу, же «кокуйлап», кол шилтеп коюшабы, аны убакыт көрсөтөт… Кандай болгон күндө да, мындай мыйзам эртедир-кечтир кабыл алынышы мезгил талабы болуп калды. Болбосо, ата-энесин таштаган таш боорлордун саны жетиштүү болуп, айрым көпкөлөң жаштарга жаман үлгү көрсөтүп жатышканын эч ким четке кага албайт.

А, биз болсо «Замандаш» партиясына мына ушундай заман талабына ылайык иш-чаралардын үстүндө талбай, жигердүү иштей беришин кааламакчыбыз.

"Замандаш" партиясынын жаштары бийликке кайрылуу жасашты…Кулак салгыла…Чакырык…

Опубликовано Чагылганом Чагылгановичем Понедельник, 5 февраля 2018 г.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here