Чагылган: Орус элинин абдан жакшы көргөн КВНди кыргыз эли деле кем калышпай, күтүп көрүп келет. Себеби, ал КВНге биздин Элдияр Кененсаров баштаган таланттуу жаштарыбыз Кыргызстандын атын даңазалап, алдыңкы команда катары КМШ өлкөсүнө таанылып калды. КВНди Александр Масляков түптөгөнү айтылып келет. Андан бери ондогон жылдар өтүп, атак-даңктын бийик чокусуна чыга алды десек болот. Барган сайын  КВН кымбат оюн-зооктордун бирине айланып калды. Учурда КВНдин алмашкыс алып баруучусу Масляковдун жыл сайын канча акча табаарына кызыккандар көп. Бул суроого орус ЖМКлар КВНчилердин өздөрүн кепке тартып, чындыкты билүүгө аракет кылышкан. Алардын көбү: “Масляков эң башкы башкаруучу, калгандары жумушчулар. Анын үй-бүлөсү эчактан бери КВНдин кожоюндары болуп  калган. Негизи ал алып баруучу гана.Болбосо КВНди түптөгөн деле эмес” деп айтыш беришкен. «Уральских пельменей» командасынын оюнчусу Дмитрий Соколов дагы ушундай эле пикирди билдирген. Ошондой эле алар:  “КВНге катышуу үчүн бардык командалар акча издешет. Демөөрчүлөрдү табышат. Бирок катышкан ар бир команда 25 миң рубль төлөшөт. Ал эми Жогорку лигага ойногондор 10 миң төлгөнгө мажбур. Бул  мүчөлүк взнос деп эсептелет.  КВНден эч ким акча, же айлык  албайт. 1-каналга телекөрсөтүүлөрдү сатып келген “АМиК” компанясы Масляковго таандык. Ал ушул компания аркылуу КВНдин уламкы чыгарылыштарын 1-каналга чоң акчага  сатат. Мындайча айтканда талантуулардан телеэфир жасап, алардын эсебинен пайда табат” — деп чындыкты айтып, Масляковго нааразы болгон оюнчулар да аз эмес.

Мындан тышкары, Масляков КВНге катышкан командалар шаарларды кыдырып концерт коюшса, андан түшкөн кирешенин 10 пайыздан 20 пайызга чейинкисин алып турары айтылган.  Бул жагы командалардын кадыр-баркына жараша болот экен. Жалпылап эспетегенде Масляков КВНден жыл сайын 3, 5 миллион  доллар табат деп эсептеп чыгышкан. Ал эми Масляков чыныгы кирешеси туруалуу ачыктабай келет.

Изат Имакеева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here