Айтылуу ак таңдай акын Жеңишбек Жумакадыр ден-солугунан жабыркап, жардамга муктаж болуп турган Батрыбекке жарадм берүүгө чакырык жасап, төмөндөгү кайрылууну өзүнүн соцбаракчасына жазып чыкты:

-Чет өлкөдөгү бир туугандардын жардамынан сырткары дагы 20.000 $ болсо маселе чечилгени турат. Тезинен Түркияга же Индияга барып дарыланбаса болбой турганын көрдүк. Балким Акүйдөн бири катуураак жөтөлүп койсо Баатырдын кыялы ишке ашар деген тилек.
ТЭЦ оңдодук деген 300 канча миллиондон бир аз ашып калганы болсо деле жардамчыңарды жүгүртүп жиберсеңер , акырын берип кетсин. Ал болбосо Урматтуу атактуу жана аты белгисиз миллионерлер ! Бир жолу жүрөгүңөрдү жумшартып ушул сумманы садака кылып койбойсуңарбы ? Биз көрбөйбүз бирок Кудай көрүп турат. Бергениңердин сөзсүз берекесин көрөсүңөр. Ыйлаган энесин көрүп жүрөк ооруп, атайын жаздым. Келгиле боорукер жоомарт бололу. Эртеңки тагдырга эч ким кепилдик бере албайт. Мүмкүн ушул кайрымдуулугуңуз менен жаннатты сатып аларсыз…

Карта номери: 4177490108829070 (Кыргызстан коммерциялык банкы),
Элсом: 0556884228

Апасынын номери: 0773679822

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here