Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыгерлер тарабынан уникалдуу операция жасалды. Алар 64 жаштагы бейтаптын ичиндеги 9,6 кг салмактагы шишикти жок кылышты.

Дарыгер Муратбек Осомбаев АКИpress агенттигине билдиргендей, аталган бейтап 2017-жылдын апрель айында текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгында анда шишик бар экени аныкталган. Бейтапка онкологиялык дарыгерлерге багыттама берилип, бирок ал операциядан баш тарткан. «Ал бизге 16-январь күнү келди. Бейтапка диагноз коюлуп, кайрадан компьютердик томографиядан өткөрүлдү. 2017-жылдын апрель айынан бери шишик 3 эсеге чоңойгон», — деди ал.
24-январь күнү дарыгерлер бейтаптын ичиндеги шишикти жок кылуу боюнча операция жасап, ал ийгиликтүү өттү.
«Анын сол бөйрөгүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Себеби ал шишиктин ичинде болчу. Биз анын сол бөйрөгүн алдык, бирок калган органдарын сактап калдык. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык жана аны ооруканадан чыгарууга даярдап жатабыз», — деп белгиледи М.Осомбаев.

 

Толугу менен бул шилтемеде: http://zdorovie.akipress.org/news:1429682?from=portal&place=last

Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here