Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Рустам Иноятов Олий Мажлис Сенатынын мүчөсү болуп дайындалды. Мыйзам боюнча сенатор кол тийбестик макамына ээ жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 23 жылдан бери жетектеп келген Рустам Иноятов 31-январда Олий Мажлис Сенатынын мүчөсү болуп дайындалганы белгилүү болду. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Сенатор болгондон кийин Иноятов дароо кол тийбестик макам алды. Өзбек мыйзамдарына ылайык, ал кармалбайт, камалбайт, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Отставкадан кийин Иноятов мамлекет башчыга саясий-укуктук маселелер боюнча кеңешчи болуп дайындалганы кабарланган.

73 жаштагы генерал-полковник Рустам Иноятов 2016-жылдын сентябрында президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин жогорку бийлик ордун сактап калган саналуу адамдардын бири эле. Ал коомчулукка көп көрүнбөгөнү менен өзбек бийлигиндеги эң таасирдүү адам деп саналган.

Азыр анын ордуна мурдагы башкы прокурор Ихтиёр Абдуллаев келди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here