Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко 4-февралда UFC уюмунун алкагында жаңы салмакта күч сынашат.
Шевченко Бразилиянын Белем шаарында өтө турган UFC Fight Night 125 турниринде 57 кг салмакта бразилиялык Присцилла Качоейра менен беттешет. Качоейра UFC уюмунда биринчи жолу беттешке чыгат. Ал буга чейин 8 жолу беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон.
Валентина Шевченко UFC уюмунда 5 жолу беттеш өткөргөн (3 жеңиш, 2 утулуу).
«Мен бул салмакта болушунча көп беттеш өткөрүүнү пландап жатам. Бул беттештен кийин чемпиондук мелдешке чыккым келет. Азыр болсо алдыдагы мелдешке даярданып жатам. Анткени атаандашым жөнөкөй мушкер эмес. Анын соккусу күчтүү, 8 беттештин баарын жеңген», — деди Шевченко.

UFC уюмунда 57 кг салмактагылар арасында АКШлык Никко Монтана чемпион.
turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here