Жакында Бишкектеги онкология борборунда дарыланып жаткан тууганымды көргөнү барып оозум ачылып калды, бир топко чейин делдейип турдум, бөлөк жакка келип калдымбы деп. Баягы бейтаптардын ого бетер көңүлүн түшүргөн чаржайыт чачылган короо жок, ого бетер үңкүйгөн имараттар жок, тим эле тартипке келип жаркыраган. Тааныш врачтардан сурасам, «Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өзү колго алып, директорлукка Эрнист Тилеков деген азамат жигитти алып келип, баарын башынан башташып ушундай болуп калдык, бул эчтеке эмес, ушул жылы буйруса, балдарды дарылаган укмуш борбор башталат, ошондо көрөсүз» деп айтышты. Көрсө иштесе  болот экен да. Талантбек Батыралиевдин  иштеген ишин көрө албагандар ар кандай ушактарды жайылтып жүргөн тура.

Кечээ Фучикте жаткан жакындарга байбичем экөөбүз барсак, кире беришинде дагы заңгыраган имарат курулуп бүтүп калыптыр. Көрсө ал кыргыз-түрк ооруканасы экен, ал бүтсө ары жагындагы имараттар көрүнбөй калчудай. Куруучулар жабалактап учурашып калышты. Сурасам, министр Батыралиев чуркап жүрүп ушул оорукананын курулуп бүтүшүнө чоң салымы бар, күндө бир маал келип өзү көзөмөлдөп турат дешти. Ушул жерден Турдакун Усубалиев аксакал эске түштү. Филармония курулуп жатканда биз дагы артисттер иштеп калбадыкпы. Усубулиев аксакал эртең менен саат 8де келип 9га чейин кыдырып чыгып карап, баарын текшерип кетет. Ошентип филармония жеке ал кишинин көзөмөлүндө туруп тез жана сапаттуу бүткөн. Бул оорукана кылым бою эски система менен иштебей, жаңы технологиялар менен иштейт дешти. Мурункудай биз бул ооруну кабыл албайбыз деген куру сөз бул жерде болбойт. Келген оорулуу бутунун тырмагынан тарта төбөсүндөгү чачына чейин ушул жерден сакайып чыгып кетишет экен. Анан Батыралиев иштебей жатат деп кантип айтып жатасыңар? Батыралиевге чейинки министрлер эмне кылды эле? Менин эсимде жок.

Ошто Орто Азиядагы эн чоң оорукана салынып жатыптыр. Батыралиев ал жакты дагы көзөмөлдөп убактысын үнөмдөп текшерип барып турат экен. Германия Бишкекте гранттык төрөткана салып бермек, баягы биздин шүмшүктөрдүн кесепетинен улам жылып, улам унутулуп жүрүп отуруп,  өткөн жылдын кузундо башталыптыр. Сүйүнчү айымдар! Эми немистер куруп берсе кандай болоорун элестете бергиле. Баткендеги оорукана 2001-жылы башталып токтоп калган экен. Эмнеге токтогонун  баамдап жатсаңар керек. Эми кайра жанданып бүтүп калуу мезгилине жетип калыптыр. Көрсө Батыралиевди жамандап жанталашкандардын өздөрүнүн арты шалтак тура. Кара башыңды жегирлер! Дары сатып алдык деп канчалаган акчаны жешкен, соцфондго төлөгөн акчаларды ой келди ашашыптыр. Ушул жерден Өкмөт башчы Исаков Сапар мырзага кайрылып кетет элем, эми ал ак халатчандарды эл караган беттерин жер каратпай жеген миллиондорун кустуруп, өздөрүн өзүлөрү жеп-ичкен поликлиникаларына кароолчу кылып коюш керек. Өкмөт башчы айланайын, ушундай иштеп жаткан министрди колдоп, бөлөк илең-салаң министрлерге Талантбек Батыралиевден үлгү алгыла дешиниз керек. Талантбек, ушул темп менен иштеп алдыдагы бүтпөй жаткан иштеринди бүтүрө бер!

Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, куудул

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here