Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев кызматтык автоунаалардан баш тартуу маселесин журналисттердин катышуусу жок талкуулоону сунуштады. Мындай пикирин ал 1-февралда парламенттеги жалпы жыйында айтып, депутаттар жана алардын жардамчылары маршруттук кичи автобустарда жүргөнүнө, жумушка жөө каттап жатканына уяларын билдирди.

Жолдошбаев кызматтык машинелерден айрым депутаттар баш тартканы менен, ал унааларды башкалар колдонуп, баары бир бюджеттен акча коротулуп жатканын кошумчалады.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодон соң Жогорку Кеңештеги айрым фракциялар кызматтык унаадан, айдоочудан, батирден баш тартып, жардамчыларын кыскарткан.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here