Бүгүн, 1-февралда «Дөө» каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагулов Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү абагына камакка алынды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдалды.

Билдирүүдө белгиленгендей, Жогорку сот Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Ал жазасын 2 жыл 7 ай абакта өтөмөй болду.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 31-январда Жогорку соттун кылмыш иш жана административдик укук бузуу боюнча соттук коллегиясы Бишкектин Ленин райондук сотунун 16-январда Ч.Жумагуловго карата кабыл алган токтомун жокко чыгарды. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинин жетекчисинин Ч.Жумагуловду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуштамасын канааттандыруу кабыл алынган жок.

2018-жылдын 16-январында Бишкектин Ленин райондук соту Ч.Жумагуловду бошотуу чечимин кабыл алган. Ал абактан 17-январда эркиндикке чыгарылган болчу.

Ал эми, Жогорку соттун басма сөз кызматы бул маалымат боюнча 18-январда билдирүү таратып, Жогорку соттун соттук коллегиясы Ч.Жумагуловду бошотуу тууралуу чечим кабыл албаганын билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, Жогорку соттун 2017-жылдын 13-декабрындагы токтому менен Ч.Жумагулов КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) боюнча 5 жылга, 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Андан тышкары, Кылмыш-жаза кодексиндеги 59-берененин негизинде жаза өтөө мөөнөтү 6 жыл, 60-берененин негизинде жаза өтөө мөөнөтү 7 жыл деп белгиленген.
Жумагулов Чыңгыз Адашканович 1981-жылы 19-сентябрда төрөлгөн. Ал Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында жашайт. Ч.Жумагулов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.
Ч.Жумагулов 2016-жылдын 10-июнунда саат 05:00дө Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы жана Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал А.Д. аттуу жарандын өмүрүнө кол салуу боюнча айыпталган.
2016-жылдын апрель айынын башында Бишкектин Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде шаардын 1986-жылы туулган тургуну А.Д.ны белгисиз адамдар атып кетишкен. Анын кесепетинен жабырлануучу Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.
Аталган факты боюнча Свердлов РИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелеринин 2-бөлүмүнүн (кылмыш далалаты) негизинде кылмыш иш козгогон эле. Ч.Жумагуловго 2016-жылдын 2-июнунда топтолгон далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери боюнча сырттан айып тагылган. Ал качып кеткендигине байланыштуу 3-июнда Биринчи май райондук соту аны СИЗО-1 мекемесине камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган болчу.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов Ч.Жумагуловду Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 30-231-беренелери (кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу), 341-берененин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) негизинде күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркинен ажыраткан болчу. Ага жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөө чечими чыккан.
.turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here