Ырчы Бобковдордун үй-бүлөсүндөгү чыр коомчулукта  дагы талкууга алынууда.  Жакында Эле Юрий Бобков келини Жанеттаны жамандап, алар жашаган үйдү Дени балдары үчүн берип кетти деп айткан эле. Эми кайын атасына келини төмөндөгүдөй жооп узаткан:

«Жакшы да жаман да айткан пикирлер үчүн рахмат. Элдин көзүндө болгон адам үчүн жашоодо бир топ эле оор болоруна ишендим. Бирок, мен сынбайм жана чөкпөйм, кайра кубат алып кадамым мурдагыдан чоң арыш алып барат. Албетте, менин жеке жашоом бирөөлөрдүн талкуусуна жем таштаганына жаным кейип турат. Аны жашыра албайм. Бирок бул өтөт, убакыт деген чоң мектеп бизди тарбиялайт. Мен актанып кайнатама тике карап ачуу чындыкты айта албайм. Ага тарбиям да жол бербейт. Канткен менен балдарымдын чон атасы. Бирок адамдык жеке кадырыма шек келтиргенине жол бербейм. Ушул убакка чейин балдарымды эч кимдин колун каратпай багып келген дагы деле багам. Ал эми жашап жаткан үйүмө Бобковдорго такыр тиешеси жок. Ал менин ата-энем жана өкүл атам алып берген үй»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here