Кара-Суу районунда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы өз кабинетинде коомчулукта «Раим миллион» деген лакап ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен кошо арабча жазууларды илип алган сүрөтүн «Инстаграм» социалдык тармагына жарыяланып, ал  соцсетте кызуу талкууга алынып жатат.  Аталган айыл өкмөттү Мунарбек Сайпидинов жетектейт.  Бул айылдын бир катар жаштары Раиммиллионду туу тутуп, ошондой болууга кызыкдар экенин да билдиришкен. Демек, жаштардын баары эле жанталашып чоң кызматтарга жана ичип, жегенге умтулуп калышканбы деген суроо туулат. Анткени, Раимбек Матраимовго шектүү сөздөр көп, чынында  ал кызматында эч качан таза иштеген эмес.

Ал Бажы кызматында «зам» болсо да, «самдай» иш алып барып, баары башкарган, өзү каалаганын кылган деген кептер көп айтылды. Бажы тармагы болушунча коррупцияга кокосунан батып кетти. Бул жагын казак бийлиги чек  араны бууган кезде да ушул маселени айтып чыгышты. Сапар Исаков айласы кеткенде, акыры Раиммиллионду кызматтан алды. Анан ушундай адамды идеал тутуканга болобу? Бул жагы чоң суроо. Ал эми жердешчиликке алдырып, коомчулукта катуу сынга алынган Раиммиллондун сүрөтүн кабинетине илип алган айыл өкмөт аман эле болсун. Ал үчүн президент Жээнбеков эмес эле, Матраимов окшобойбу.

 

Мунарбек Сайпидинов

Мунарбек Сайпидинов

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here