Бишкектеги өзгөчө катуу суук 5-6 күнгө созулду. Бул күндөрү бийлик жаңылап койдук деп мактаган Бишкек жылуулук борбору да иштен чыгып, шаардыктардын көбү, айрыкча көп кабаттуу үйдө жашагандар, бир катар ооруканалар жылыбай, муздак аба жашоочулардын жанына батып кетти. Ал эми аз камсыз болгон, жакыр турмушта жашагандарга өтө эле кыйын болгонун баарыбыз эле билип, көрүп жаттык. Мына ушул маселени эске алган Кыргызстандагы кадыр-барктуу партиялардын бири «Замандаш»  муктаж адамдарга суук күндөрү жылыткычтарды бекер таратып, кайрымдуулук акциясын уюштурушуп, элдин алкышына татышты. Элдин камын ойлоп, элдин жүгүн көтөргөн «Замандашчылар» ошентип бир топ адамдардын сообуна калып, башкаларга кайрымдуулук боюнча үлгү көрсөтүп койду. Бул өңүттөн алып караганда оор уйкуда «уктап» жаткан бир катар партияларды чочутуп койду окшобойбу.

Негизи бул партия он жылдан бери калктын калың катмарына чейин ар кандай жардамдарды берип келгени менен элдин алкышына, ак батасына арзып келет. Демек, мындай алыглыктуу иштер алдыда дагы да улана бермекчи…

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here