Чагылган: Мектепте күзөтчү болуп иштеген 50 жаштагы адам 11 жаштагы кызды коркутуп 2 жыл бою зордуктап жүргөнүнүн Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Ал мектепте 5 жыл иштеп, бул убакыттын ичинде ага эч ким нааразы болуп арыз жазган эмес. Ал эми 11 жаштагы Леле мектепте жакшы окуган үлгүлүү кыздардын бири болгон.  Леле акыркы учурда мурункудай болбой чүнчүп, өзүн жаман сезип жүргөн. Апасы аны ооруканага алып барып, текшерткенден кийин, анын 5 айлык боюнда бар экени ачыкка чыккан. Учурда ата-энеси кыздын боюдагы баланы алдырууга даярдык көрүп жатышканы айтылат. Ал эми күзөтчү Лю Баомин болсо камакка алынып, жасаган кылмыш ишин моюнуна алган.

Изат Имакеева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here