Атаганат, адам өмүрү ушунчалык кыска экен, тияк-быягыңды караганча эле кетип берер кез келип калат экен. Болжолу ал убакытың 70-90 жаш болот го… Ал эми кийинки убакта «нормасынан» аз жашап кеткен адамдар көбөйүп жатат. Анткени, ар кандай себептер ден соолукка зыянын тийгизип жатат. Айталы, айыл чарбасын ашкере химиялаштыруу, атомдук сыноолор, жылыткыч электрстанциялардан, үйлөрдөн, автоунаалардан чыккан түтүндөр, ар кандай себептер менен экологиянын бузулушу, авариялар, катастрофалар, алкоголизм, ж.б. себептер адам баласынын аялуу ден соолугуна зыян келтирип турат экен. Ошондон улам   азыр адамдардын көбүндө бирден-экиден оорусу бар. Бул абал фармацевттик өндүрүштү укмуштуудай гүлдөтүп, Брынцалов өңдөнгөн адамдар миллиардер болуп жатат. Догдурлардын кадыр-баркын да аябагандай көтөрүлүп жатат. Аферист дарыгерлер, бакшылар, эмчи-домчулар акчага тунуп жаткан кези. Мындай абалда жараткан берген жашты толугу менен жашабай эрте кетип жаткандар көбөйүп жатат. Мен жакшы тааныган, анан эрте кетип берген чыгармачыл адамдар дайыма эсиме келет. Ошолордон айтайын дейм…

 Ташмат Арыков

            Өткөн жылдын аяк жагында раматылык Ташмат Артыков жөнүндө теледен көрсөтүү кетти. Чыгармачылыгы айтылды, мүнөзү айтылды… Ал кишинин өмүрдүк жары, уулу сүйлөдү. Экөөнүн тең жүзүнөн көрүнүп турат:  жакшы адамдар…

Ташмат байке дайыма шашып жүргөн, дайыма жылмайып жүргөн, дайыма ак дили менен жүргөн, жакшы көргөн адамын эркелете берген, бирөөнө жардам бергиси келе берген мыкты адам эле. Ал улууга да, күчүүгө да бирдей сый мамиле кылчу, өтө эле жөнөкөй эле. Мен а киши менен жакшы мамиледе элем, аябай жакшы көрчүмүн.  Мага анын жайдыр-кыштыр аппак көйнөк кийип жүргөнү аябай жакчу эле. Бир ирет да жакасынын кирдеп жүргөнүн көргөн эмесмин. «Аялы мыкты болсо керек»- деп ойлоп койчумун. Анын ырлары да көйнөгүндөй таза, өзүндө жагымдуу болчу.

Менде Ташмат байкенин «Комуз» аттуу китеби бар. Аны мага моминтип жазып берген:

«Иним Баратбайга

Баратбай, айланайын, Баратбайым!

Туралбайт турмуш энчи таратмайын.

Жакшыбы же жаманбы, азбы, көппү,

Ар адам өз энчисин алат дайым.

Автор, 7-октябрь, 1993-жыл».

Аталган китепти кээси менен барактап калам. Окуган адамды башка бир дүйнөгө алпарып таштап, алда-нени саматып, бирде кубантып, бирде кабагыңды ачтырбай салчы ырлары бар.

Бул турмуштун барчылыгы дагы бар,

Бул турмуштун жокчулугу дагы бар.

Барга көппөй, жокко чөкпөй, экөөнө

Чыдай билген адамдардын багы бар.

Ушул ырындагыдай Ташмат байке багы бар адамдардын бири эле. Эрте кетип калды. Бирок, ырлары жашап турат, жакшы тарбия көргөн уулу тукум улайт…

                                       Токтобек Болчуров

            Токтобек Болчуров бою эки метр келген келген килейген жигит эле. Оору деген сенин боюңа карабайт экен, үч-төрт операциядан кийин бу жигит да кетип тынды…

«Мектеп» басмасында иштеп жүргөм. Бир күнү чогулуш болуп, кол жазмалардын жараганы менен жарабаганын талкууладык. Ар бир редакторго мурун эле эки-үч кол жазма бөлүнгөн. Чогулушта авторлордон да бар. Мага сөз келип, «Болчуров деген автордун кол жазмасын ушул турушунда жарабайт, дагы иштелиши керек» десем эле, «эмнеси жарабайт экен?!» деп бир эңгезердей неме тура калды, кол салып жиберчүдөй тим эле. Андайда мен да чыйрала түшөм да, эмнеси жарабай турганын деңгээлиме жараша айтып бердим. Тиги кол жазмасын алып кетип калды, ызырынганын сезип калдым… Анан ошондон бир-эки айдан кийин Болчуров кайра келди, кол жазманын биртоп жери оңдолуптур. Ошол жупкадай болгон сатиралык китеби чыкты. Ошондон бат эле Токтобек Болчуров бизген келип кызматка орношту. Экөөбүз бат эле жакшы болуп кеттик. «Энеңди урайын, баягы биринчи көргөндө сени баса калып жайлап жибергим келген» -деп кийин дайым айтып калчу.

Током боюна жараша айкөл жигит эле. Ал чоңдорго кошомат кылчу эмес, баары менен бирдей теңата болчу. Сатирасы да өзүндө коркпогон, бутасына таамай тийген сатира эле. Бирок, аз жазды, оорусу тоскоол болду. Басмадан кийин телерадиодо иштеп жүрдү…

Эркин Тазабеков

            Эркин Тазабеков менен кандай таанышканым эсимде жок, бирок, ал мени телекөрсөтүүгө орноштурагы эсимде, көрүнгөн эшикке кирип, мактап-сактап жатып араң орношутурган. Менден төрт жаш улуу эле.

Эркин байке аябагандай тамашөкөй эле, өзү тамашаны мыкты түшүнүп, көтөрүмдүү болчу. Азыр аз сатириктердин алдында жүргөн Жолоочу Рысбаев экөө катуу тамашалчу. Алар тамашалашканда кээси менен жанына киши туралчу эмес … Эркин байке маңдайкы каалгадай тишинин бирөө жок, өңү капкара, олбур денелүү, аккөңүл, ичинде кири жок мыкты жан эле. Теледе чогуу иштеп жүрдүк. Мен анын кара өңүнө басым жасап, күндө же күн аттап, болбосо жумасына бир ирет дубал газета чыгарчумун да илип койчумун. Анда машинкага  копировка кылчу  кара кагазды ак баракка чаптап илип коем да алдына минтип жазам: «Тазабеков Танзаниянын балдарынын арасында», «Тазабеков таш көмүр уурдап жатат», «Тазабеков Кара деңизде эс алып жатат», «Тазабеков Мандела менен», «Тазабеков Африка сулуусу менен»  сыяктуу толгон темалар коюлчу. Кызыгы, Эркин байкенин аты-жөнү да кызык Тазабеков Эркин Көөдөйевич – бир жагы таза, экинчи жагы көөдөй, анан калса «ДТ» айдап тракторист болуптур. Бул жагын да шылдың кылып турчу Жолочу.

Эркин байкенин айтканы эсимде: «Бир жолу нан алайын деп дүкөнгө баратсам ойдо жок  ыр саптары башыма келе калып жатпайбы. Жазайын десем кагазым жок. Ошондо дүкөнгө кире калып, туздун кагазына жазып жибердим, ошол ырга кийин Түгөлбай обон чыгарган» деп. Ал ырдын аты «Шумкар», дурус чыккандыктан, мына, бүгүнкү күнгө чейин ырдалып жүрөт…

Эркин байкенин жакшы ырлары бар эле. Бирок, аларын китеп кылып чыгарган жок болуш керек. Кийин иштебей калып, аялы Сибиргеби же Аляскасынабы иштегени кетип жок болуп, өзү кыйналып жүрүп көзү өтүптүр… Кайран киши, мыкты жан эле…

Эсенбай Калдаров

            Эсенбай Калдаров өтө кичи пейил, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган адамдык тазалыгы арбын жигит болчу. Экөөбүз тең элек, анан да жакшы мамилебиз бар болчу. Эсенбай алган маселесин келиштире жазган мыкты журналист болчу, көркөм чыгарма да жазчу, анын сатиралары, ырлары, драмалары бар. «Кыргыз туусунун» башкы редакторунун орун басары, «Эркин Тоонун» башкы редактору болуп иштеди. Ишим чоң деп бой көтөргөн жок, мурунку калыбынан бир өзгөрбөдү. Мындайлар чанда эмеспи. Бирөөнө жаман көрүнбөгөн, ишин мыкты билген, жазганы мыкты Эсенбай сонун турмуш өткөзүп жүрө бермек, бир баласы тентек чыгып, ошол ден соолугун бузду окшойт. Мен ага кыйынсынып жаткан жерим жок, менин балдарым деле жөнсүз чыкты…

Эсекем кыштын кыраан чилдесинде башына шапке кийип, көйнөгүнүн үстүнөн эле курткасын кийип алчу. Аны көрүп мен үшүчүмүн. «Жылуу кийсем эле тердеп турам» дечү, ден соолугу мыкты эле. Анан кара күчүн айтпа, буканы мүйүздөн алып жыкчу күчү бар эле… Ооруну мүйүздөй алган жок, кайраным!

Бекин Сейдакматов

            Бекин Сейдакматов менен дурус мамилем бар эле. Телекөрсөтүүдө адабий-драмалык редакциянын башкы редактору болуп иштеп жатканда Бекин пьесасын алып келиптир, телеспектакль койдур деп. Ал эмне жөнүндө экени эсимде жок, барактап таанышып койдум. Анан аны койдурууга ылайыктуу режиссер таппадым. Режиссерлордун баары эле баары эле спектакль кое алчу эмес. Ошону менен Бекиндин ою ишке ашпай калды. Баса, ал пьесасы жөнүндө бир-эки ирет сурап анан тим койду, улунуп-жулунганды жаман көрчү да. Анан аккөңүл, курчу бар жигит эле…

Бекин жакшы актөр эле, кинолорго тартылды, драмтеатрда ойноду, жакшы ролдорду жаратты. Анткен менен турмушу жакшы уланбай койду окшойт.  Ал тирүү болгондо далай ролдор аткарылмак, спектаклдерин койдурмак. Бекин бири кем дүйнөгө мисал болуп эрте кете берди…

Турсуналы Бостонкулов

            Турсуналы Бостонкулов менен басмада чогуу иштедик. Шар кетчү жигиттерден эле. Мыкты ырларды жазчу. Москвадан адабий курсту окуп келген. Ырларын иретке келтирип, китеп чыгарайын деп көп түйшүк тартпады, болсо болот, болбосо жок деген жулунбаган жан эле. Бирөөнөн эч нерсе аячу эмес. Байлык кууган, кызмат кууган жан эмес эле. Кийин аялы менен ажырашып, жөнсүз турмушка кирип кетип каза болуптур. Мыкты жигит эле…

Манас Бердибеков

            Манас Бердибеков менен эки-үч жылдай эле тааныш болуп жүрдүм. Сонун жигит эмес беле. Анын юмору эч кимдикине окшобогон мааниси бар болор эле. Ал сахнага чыгып алып дайны жок жалжактап, тантып, элдин күлдүрмөк турсун, тескерисинче, томсорткон көрүнүштүн бирин жасаган жок. Көрүүчүнү терең маани менен күлдүрчү эле… А да кетип тынды. Анын уулу атасын жоктотпогонго аракет кылып жүрөт…

Чубак Сатаев

            Чубак Сатаев менен да ашып кетсе үч-төрт жыл тааныш болуп жүрдүм. Эсептебей жашаган, аккөңүл жигит болчу. Чыгармачылыгына катуу берилип жүрдү. Ошондон улам анын ырларынын баары хит болуп тарады. Эрте кеткен атасынын ырларын «жетим» калтырбай «багып» алган уулу азамат болду… Өгүнү кагаздарымды аңтарып жатсам. Чубак менен «Асаба» гезитиндеги маегимди таап алдым. Анда экөөбүз жакшы сүйлөшүппүз, анын өлүмүнөнг кабар жок да… Ошондон кийин бат эле кеткенин эстедим…

Эрте үзүлгөн үч акын…

            Алик Акималиев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Барчынбек Бугубаевдер удаасы менен кетишти. Үчөө тең дүнүйө куубаган, арамдыкты билбеген, дили таза жигиттерден эле. Үчөөнүн тең мыкты ырлары бар болчу. Бул мыкты жигиттер өлүмгө өздөрү жакындап алышты. Болбосо, дагы да узак жашап мыкты-мыкты чыгармаларды бермек. Не айла, өлүм деген сенин чыгармачылыгыңа карабайт экен…

Жогоруда аты аталган жигиттерди кези менен эстеп турам, миен окшоп эстегендер, албетте, көп. Кызык эмей, көзү өтүп кеткен чыгармачыл адамдардын артында тың балдары, туугандары калса, алар ошол маркумду гезиттерден, теле менен радиодон эстетип турушат, артында тың адамы жоктор эскерилбей калат. Турмуш ушундай экен… Жакшыга жанаша жүрбөсөң, жаман деген баса калат тура…

Автор:    Баратбай АРАКЕЕВ

           

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here