Күчүк тоңду, ит тоңду,
Түтүк тоңду, фит тоңду.
Мурун үшүп кыпкызыл,
Зыр-зыр этип тиш тоңду.

Чымыр этип бет тоңду,
Чыдай албай кеч тоңду.
Жылуулугун бере албай,
Жалп деп өчүп меш тоңду.
Мештен кийин үй тоңду,
Үйдөн кийин Чүй тоңду.

Калч-калч этип бак тоңду,
Аламүдүн жак тоңду.
От өчкөндөй күлкү өчүп,
Соо да тоңду, мас тоңду.

Кирпик тоңду, каш тоңду,
Кулак тоңду, чач тоңду.
Бүткөн боюм титиреп,
Дене тоңду, баш тоңду.

Бала тоңду, кыз тоңду,
Бишкек жылбай жыш тоңду.
Түкүрүгүң түшкүчө,
Тырс деп кулап муз болду.

Ичкичекти чай тоңду,
Жегичекти май тоңду.

Жеттим, жаптым балконду,
Жаттым, жаптым пальтомду.
Бут да тоңду, кол тоңду,
Эй кара суук?! Эл жеген
Тоңдурсаңчы чоңдорду???
                      Автор:Акбар Кубанычбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here