Чагылган: Он күндөн кийин, тагыраагы ушул жылдын 4-февралында турмушка чыгам деп даярдыкта жүргөн жаш кызды мурунку жигитти “шантаж” кылып коркутуп баштаганда, ал мындай абалдан кантип чыгуунун амалын  издеп, акыры өзүн өзү өлтүрүүгө бел байлаган. Ал кыздын аты Ниша Девидас. Индия мамлекетинин жараны. Өзүн өзү өлүтүүрүүгө кол салган окуяны кыз телефонго тартып, ошол көз ирмемдерде мурунку жигитине жиберүүгө үлгүргөнүн Mirror басылмасы  жазып чыкты. Кыз өз үйүндө Махараштра  штатынын Рохани айылында өз өмүрүнө кол салган. Кыздын агасы  Рави Кавле анын өлүмүнө мурунку жигити Нихил Боркарды  күнөөлөп, анын камалышын талап кылып чыкты.

Изат Имакеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here