Чагылган: Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 28-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарганы маалым болду. Мындай чечим тергөө али аягына чыга электигине байланыштуу экен. Айтор, Исаевдин соту дагы далайга созула турганы ачыкка чыгып калды.
Исаевди 30-сентябрда УКМК «бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деген негизде интернетте тараган видеосу боюнча кылтакка илген. Башкы прокуратура ага Кылмыш кодексинин 27-беренеси (кылмышка даярдануу), 233-беренеси (калайман башаламандык) жана 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) боюнча иш козгогон эле.