Чагылган: Белгилүү болгондой Сапар Исаков катуу суук болуп, Бишкек жылуулук борбору иштен чыгып, эл наарзы болуп турганда, «Муктаждарга жууркан тараткыла» — деп айтып жиберип, ал боюнча да бир топ сынга кабылды. Көптөгөн адамдар: «Жууркандан көрө, жылыткыч, көмүр таратса» — дешти. Бирок  бул иш өкмөттүн колунан келбей турган чакта, элдин мүдөөсүн көздөгөн  айтылуу «Замандаш» партиясы муктаж адамдарды жылыткыч менен камсыз кыла тургандарын айтып, бул боюнча чакан билдирүү таратты. Чынында «Замандаштын» мындай  билдирүүсү колдоого алынып, ыраазычылык айтып, алкагандар көп болууда. Партия билдирүүсүндө мындайча айтылат:

Урматтуу Замандаштар!

Чилде маалында жылуулуксуз калган Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарын, “Замандаш” саясий партиясы электр жылыткычтары менен камсыздайт! Төмөндөгү телефон номерине дарегиңиздерди калтырсаңыздар, жеткирип беребиз.

Сурап билүү телефону: 0771070023

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here