Чагылган: «Замандаш» партиясы  Кыргызстанда аты бар, заты жок көптөгөн партиялардан айырмаланып, Бишкек жылуулук борборундагы шалаакылыктан улам келип чыккан авария боюнча  Жогорку Кеңешке, өкмөткө, тиешелүү мекемелердин жетекчилерине курч мүнөздө кайрылуу жолдоду. Аталган партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун кайрылуусун төмөндөгү тасмадан көрүп, сиз дагы үн кошуңуз.

Молдокматов мамлекетте чоң көйгөй катары саналып, элдин нааразычылыгын туудуруп жаткан бул маселе  боюнча күнөөлүү адамдардын жоопко тартылышын жана ТЭЦке сарпталды делген 386 млн. доллардын сарпталышы боюнча талапка ылайык маалыматты элге ачык-айкын беришин талап кылган.

Чынында мындай оор кырдаалда: «Элге кебин айтпаган, эрендерден не пайда» — демекчи,  бийликке кошомат кылбай, тартынбай,  чыркыган чындыкты айтып турган эр жүрөк эр азаматтарды  элибиз колдоп, коштоп кетет  эмеспи…

 

2 КОММЕНТАРИИ

  1. Жениш мыкты маек! Бироо айтып чыгыш керек болчу! Азаматсыз! Башка партия лидерлери уктап отурушат. Аларга добуш Эле керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here