Чагылган: ЖК депутаты мындай билдирүүнү өзүнүн соцбаракчасына жазды. Бирок азырынча кайсы аким экенин ачыктаган жери жок. Анча болду табышмактапай, ачык эле жазса жакшы болмок… Же бир ыңгайлуу учурду күтүп жатабы?  Төмөндө Жылдыз айымдын жазганына көз чаптырыңыз:

-Бишкек шаарынын бир акими «шагыл төктүк, анттик, минттик!» деп МТУлар аркылуу далай акчаны млндогон чөнтөгүнө солоп ийиптир. Аны укук коргоо органдары текшерсе крышаларына жүгүрүп бас-бас кылып аткан кези. Документтер колдо. Эгер укук коргоо органдары «бармак басты көз кысты» кылып ийсе кызыктар башталат. А байкуш жаңы конуш элдери жол жок ылай, баткагына чыдап унчукпай келатса алкымы чоң акимдер өйдө жактагы сыйкыр таяктарына таянып талтаңдап атат. Сапар Исаков ТЭЦ эле эмес ылдый жактагы млн.догон коррупцияны караңыз. Сыйкыр таяктары сиздин жаныңызда жүрөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here