Бишкек шаарынын Ленин райондук соту таанышын (аял киши) бычактап өлтүргөн 25 жаштагы Гүлзаданын (К.Г.К.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун 2017-жылдын 27-мартында чыккан токтомунда айтылат.
Сот отурумунда Нарын облусунун 1993-жылы туулган тургуну Гүлзада 2015-жылдын 26-декабрында саат 07:00 чамасында Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде таанышы Жылдыз (С.к.Ж) менен кайым айтыша кетип, аны бычактаганы белгилүү болду. Анын кесепетинен жабырлануучу оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, өзүнө келбей көз жумган.
Тергөөнүн жүрүшүндө соттолуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 3 жылдан бери сойкулук менен алектенип жүргөнүн айткан. «Сойкулук менен алектенип жүрүп Жылдыз менен таанышкам, ал да сойку болчу. Экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болгон эмес. Жылдыз экөөбүз Стас аттуу киши менен таанышып, достошконбуз.

Анын Бишкек шаарындагы батирине бир нече жолу баргам. 2015-жылдын 26-декабрына караган түнү Жылдыз экөөбүз жолугуп калып, сүйлөшүп отуруп тараганбыз. Жумуштарым менен жүргөм, бир маалда телефонумду күйгүзсөм Стастан «кайдасың, чалчы» деген билдирүү келиптир. Мен ага кайра «кайдасың?» деп жазып жөнөттүм. Ал учурда таң атып, саат болжол менен 06:00 болгон. Телефонума Стастан мени сөккөн билдирүү келди. Ага чалсам телефонду Жылдыз алды. Экөөбүз уруша кеттик. Ал Стасты менден кызганып, анын атынан мага билдирүү жазыптыр. Стастын батирине Жылдыз менен сүйлөшүү үчүн барып, ал жерде спирт ичимдиктерин ичтик.

Экөөбүз кайым айтышып жатканда, Стас «урушпагыла» деп башка бөлмөгө кирип кеткен. Жылдыз столдун үстүндө турган тамак-аштарды мага ыргытып, ашкана бычагын мен тарапка түртүп жиберди. Бычак сол колумдун алаканын кесип кетти. Ага жиним келип, Жылдызды сайып жибердим. Анын бети канап, мени көздөй келе жатканда дагы 2-3 жолу сайдым. Андан кийин аны Стастын унаасына салып ооруканага алып бардык. Бирок ал эсине келбей көз жумду. Ооруканадан үйгө барып, апама окуя тууралуу айтып бердим», — деп көрсөтмө берди соттолуучу.
Сот отурумуна күбө катары чакырылган Ц.С. (Стас) окуя болгон күнү каза болгон кыз менен соттолуучунун ортосунда уруш чыкканын билдирди. «Экөө урушуп жатканда «урушпагыла» деп дааратканага кирип кеткем. Ал жерден чыксам Гүлзада колуна бычак кармап отуруптур. Ал эми, Жылдыз ашканада кансырап жатыптыр. Жылдызды унаа менен Гүлзада экөөбүз ооруканага алып барганбыз», — деди күбө.
Соттолуучунун апасы М.К.Ж. 2015-жылдын 26-декабрында саат 11:00 чамасында үйгө кызы Гүлзада колу кан болуп келгенин билдирди. «Кызым бир кыз менен урушуп кеткенин айтып, өзүнүн бөлмөсүнө кирип кеткен. Андан кийин анын жолдошу Элдияр келип, экөө бөлмөдө сүйлөшүп жатканда Гүлзада бир кызды бычактап, ал каза болуп калганын айтып жатканын угуп калдым. Милиция кызматкерлери келип кызымды алып кетишти», — деп көрсөтмө берди М.К.Ж.

Жыйынтыгында сот К.Г.К.ны Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин 1-бөлүгү (ачууга өтө алдырган абалда киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ошондой эле, сот соттолуучудан жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына метериалдык чыгым катары 310 миң 229 сом, ал эми моралдык зыян үчүн 100 миң сом өндүрүүгө өкүм кылды. К.Г.К.нын өкүм күчүнө киргенге чейинки камактагы ар бир күнү эки күнгө эсептелет.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here