Чын чынын келгенде бул маселе күлкү деле эмес. Анткени, “Алыбек алына жараша” – деген кыргыздын таамай айтылган жакшы сөзү бар эмеспи. Ойду-тоону сүйлөрдөн мурун ошол сөздү да эске алуу кажет.

Сибирдин башталышы болгон Казакстандын борбор шаары Астанада бир нече күндөн бери кетпей уюлгуп турган катуу циклондун таасири бизге да да жете келип, өзүбүз араң турганда, “Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар? – десек да болбой, ошол циклон Бишкек, Чүйдү каптап, борбор шаардын болгон меши болгон ТЭЦти бир топ жерип иштен чыгарып, жайлап кетти. Болбосо, буга чейин  «Атамбаев азамат,  салынгандан бери эч оңдоло элек ТЭЦти Кытайдан 386 млн. доллар насыя алып, зыңкыйтып оңдотуп салды, укмуш жыргатты» — деп өпкөбүз көөп, көптөр калпактарын көккө ыргытып дардаңдап калганбыз. Же калппы? Көрсө ошол 400 млн. долларга жакын акчаны ары-тартып, бери тартып, айтор бир тобун кымтып, жайлап коюшса керек, эчак эле. Ошонун кесепетиби, же жаңыланган жабдуулардын жаман, сапатсызыбы  болдубу, айтор мактап жаткан ТЭЦибиз  бир келген суукта “Мактаган кыз тойдо осурат” болуп, “подвать” кылып койду, баарыбыздын жинибизди шакардай кайнатып.

Мындайда өкмөт эмне кылат? Кылганы көрдүк го, колунан келен ишти кылды. Болгон аракетин жасап жатышат. ТЭЦтин жарактан чыккан от казандарын ордуна келтирүүгө абдан аракеттер көрүлдү. Бирок ордуна келбей, кыйнап жатат эмгиче. Бишкекте ӨКМ чатырларды тигип, муктаждарга жылуулук тартуулап, алар да тыбырчылап иштеп жатышат. Көчөдө калган бомждар эмес, жылуу кийингендер да тоңду. Өлгөнү өлүп жатат. Баарынан жаманы чоңдордун, балдардын ооруканалары жылыбай муздап, ансыз да араң турган оорукчандардын келмесин оозунан түшүрүп, оорусун күчөтүүгө жол ачып койду.  Ал ортодо ТЭЦтин жетекчиси Нурлан деген жигит “Кызматтан кетем» – деп бир сыйра догурунуп алды. Болмокчусу болгондон кийин, тоңмокчусу тоңгондон кийин, кете берсин да, төрт тарабы кыбыла. Бирок жини келген бийлик өкүлдөрү аны жөн кетире койбойт го, жазага тартабыз деп жакадан алганы араң турушат. Айласы кеткен, ансыз да өтө суук болуп жаткан алыскы Давостон өзү автор болуп жаткан «Таза коомду»бүт дүйнөгө жар салып, ошол жактан жаңы эле келген Сапар мырза үшүгөндөргө боору  ооруду, бир чети өкмөт суукта элге кам көрө албай жатат дегендерге жооп болсун дедиби, айтор: “Муктаждарга жууркан тараткыла” – деп буйрук берип жиберди. Эмне кылсын анан, чын эле арабызда жуурканга жетпей жүргөндөр да бар да. Бирок Исаковдун бул сөзүн ар бир адам жүрөгүнө жакын кабыл алып, катуу сындап киришти. Бул жагы да туура. Жуурканга муктаж болгон адамдар абдан аз да, муктаж болгондор болсо өтө аз. Анан көпчүлүк, азчылыкты жеңмей эмне болуптур.

А, бирок билебиз да баарыбыз, Сапар Исаков 4 ай мурун кызматка келгенде мамлекетти бутунан тургузуп, “секритип” жибере турган ушул  “Таза коом” деген чоң долбоорду иштеп чыктык деп жарыялап, акыры ал бүтүндөй мамлекеттин  өнүгүү программасына айланган. Ал программада  баары –жоктун баарын жалаң электрондоштуруу, автоматташтыруу сыяктуу, жаңы технологиялар менен камсыз болуу өңдөнгөн чоң-чоң дымактар камтылган. Ал эми капиталдык ремонттон өткөн, мындайча айтканда элдин эсебинен 400 млн. долларга жакын акча сарпталган Бишкек ТЭЦи ошол “Таза коомдун” ичине мурун эле камтылган деп койсок болчудай.  Себеби. ТЭЦте бир топ функциялар ошол «Тазакоомдо» айтылган автоматашыруу элементери ишке ашкан эле.   Ошон үчүн  “Таза коомго» ТЭЦ ушунчалык сууктарда иштебей калып, бийликти элге уят кылбайт деп ойлошуп, “Таза жууркан” деген кошумча пландарды киргизилген эмес. Ошондой болсо да, мезгил көрсөтүп койбодубу, Исаковдун “Таза коому” таза жууркандар менен коштолуп, ишке ашып жатканы.

Муну катуу сындаштын кереги жок. Бирок бакыйган башбакандын оозунан жууркан деген сөздүн чыгышы коомчулукка  өтө өөн угулду. Эл Исаков ушул жууркандардан көрө муктаждарга жылыткыч, жок дегенде жарым тонна, бир тонна көмүр менен камсыздагыла деген кепти айтат го күткөн. Антсе го, ой сонун болмок да. Ошол нерсе Исаковдун мээсине жеткен жок дейсизби, жетти. Болгону  “өйдө тартса өгүзү, ылдый тартса, арабасы сынган” өкмөттүн андай иштерге чама-чаркы чак болуп, кудурети жетпей жатса, эмне кыл дейсиңер. Анан колдон келген ишти айтат. Эмнеси болсо да, Сапар Исаковго мындан ары «жууркан» деген сөз жабышты. Жабышса, жабышсын. Жууркандын эмнеси жаман, үшүсө жамынып алат да…

Ал ортодо ушул эле маселе укмуш тарап, чоң кеп болуп кетти: “Өкмөт жууркан менен элди камсыздайт экен” – деген. Муну  “Катын каңырыш угат ” болуп, укмуш көркөмдөп айтып жаткандар бар. Анан  “Саманканадан саман өрттөндү десе, Самарканд өрттөнүптүр” – деп угуп алгандар да аз эмес.  Ушундай учурларда пайда көрүп калалы дегендер өздөрүнчө эле шымаланып жатышат дейт: “Жууркан жасап өкмөткө эселеп кымбат саталы, болбосо айылдардагы чоң апаларыбыздын жууркандарын Бишкекке ташып келе калалы” – дешип…

Дордой, Ош, Мадина, Орто-Сай,  базар сыяктуу чоң базарларда “Кыздын себи” деп төшөк сатып жаткандар жыргап жатышат дейт: “Дагы суук боло түшсө, биздин соода укмуш болот” – дешип. Алардын алакандарын ушалап жыргап жатышканын палас, килем, пальто, куртка саткандар: “Өкмөт биз саткан товардын элге алып берсе жуурканга караганда пайдасы көп болмок” – деп мурдуларын чүйрүп калышыптыр дейт..  Ал эми базардагы жылыткыч саткандар болсо суукту болушунча тилеп: “Биздин товарларды үшүгөн эл өкмөттүн колдоосу жок эле колдон жула качып, талап жатат” – деп алар жыргап жатышат.

Кыскасы, өкмөттүн жууркан саясаты ушинтип далай жерге чаң салып жаткан чагы экен. Деги, көптөр Сапарчикти “Сакайдай бою сары алтын”- деп мактап жатса, аны жактырбагандар: “Сакадай бою сары алтын эмес эле, самапол” экен деп сындап жатып калышты. Ай,аяз, ай аяз, ой циклон, ой циклон. Кыргызстандын баарын дүрбөттүң го. Кайдан чыга калдың эле. Мурун деле ушинтип келип, кетип калчу эле го. Бирок бул жолу такыр кыш көрбөгөнсүп, кыргыздарды жаман жүдөттүң. Эртерээк келген жагыңа кетип калчы, болсо элибиз митинге чыкса, айлаңды алты кетирет. Бул сөздөр эми өкмөткө карата айтылган сөздөр: “Келиним сага айтам, керегем сен ук” дегендей эле кеп…

Суук абалга “суктанган”  Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here